Жумгалда коронавирустан улам мектеп жана бала бакча жабылды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы дезинфекциялоо иштери. Архив
Бала бакчадагы дезинфекциялоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Айылдык ФАПта күндүзгү дарыланууга койка калбагандыктан илдетти жуктургандар үчүн башка имараттан дагы 10 орун даярдалгандыгын кабарлашты.
НАРЫН, 12-май — Sputnik. Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында COVİD-19 менен ооругандардын саны көбөйүп кеткендиктен айылда мектеп, бала бакча жабылып онлайн-режимге өткөнүн аталган райондун акиминин орун басары Фатима Өмүралиева тастыктады.
ФАПта дарыланууга орун калбагандыктан илдетти жуктургандар үчүн башка имараттан дагы 10 орун даярдалган.
"Аталган айылда ооругандар көп болуп, мектеп, бала бакчалар жабылып онлайн-окууга өтүштү. Буга чейин 11 адамдан оору аныкталып, анын сегизи айыгып чыкты. Учурда айылдагы күндүзгү стационарда (ФАП) 20дан ашык тургун дарыланып жатат. Ал жакта орун жок болгондуктан айылдагы спорт сарайга 10 койка даярдалды. Андан тышкары, райондук ооруканага да келип дарылангандар бар", — деди Өмүралиева.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандар улам көбөйүп жатат. Акыры суткада сегиз бейтап көз жумуп, 283 киши вирусту жуктурган. Алардын ичинен 10 адам Нарын облусунан экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0