Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Адис апрелде дарыгерлерге которулбай калган каражат качан берилерин айтты

Таластагы медиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Өскөмбаева акчанын кармалып калышы которуу системасына байланыштуу эместигин белгиледи. Анын айтымында, негизги айлык (оклад) жаңы тариф менен которулат.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 2021-жылдын апрель айында кыргызстандык дарыгерлерге 24 миллион сом төлөнбөй калган. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Дарыгерлердин эмгек акысы өзгөрүп, мындан ары көбүрөөк айлык акы ала баштайбы?" аттуу брифингге катышты.
"Дарыгерлерден кечирим сурайбыз. Апрель айында 24 миллион сом төлөөгө жетишпей калдык. Бүгүнкү күндө 685 миллион сом төлөнүп берилди. Финансы министрлигинен ушунча каражат бөлүнгөн. Жума күнү бизге акча түшүп калса ошол эле күнү саламаттык сактоо уюмдарына которобуз", — деди ал.
Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыккан медиктер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Марипов митингге чыккан медиктерге компенсация төлөөгө акча тапканын айтты
Өскөмбаева акчанын кармалып калышы которуу системасына байланыштуу эместигин белгиледи.
"Каражат (оклад) жаңы тариф менен которулат. Май айында бардык медиктер акчасын алат деп кепилдик бере алам", — деди ал.
Эске салсак, 1-июлдан тарта бир катар категориядагы медицина кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Буга чейин 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга жогорулаганы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0