Быйыл 1 335 эне президенттин колунан сыйлык алат

Баатыр Эне ордени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Быйыл майрамга карата 1335 аял "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" медалдары менен сыйланмакчы.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Чүйдө 98 жаштагы Анипа Кабеновага Офицердин жубайы медалы берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Чүйдө 98 жаштагы Анипа Кабеновага "Офицердин жубайы" медалы тапшырылды. Сүрөт
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Толук тизме менен КР президентинин расмий сайтынан таанышууга болот.
Энелер күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылы негизделген. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0