Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасына топтолуп калган эл тарады

© AP Photo / Eric GayЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Сай жана Чашма айылдарынын жашоочуларынын ортосунда турмуш-тиричиликке байланыштуу түшүнбөстүк жаралган. Учурда абал туруктуу.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Баткен районундагы Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде жашоочулар пикир келишпестиктен улам топтолуп, түшүндүрүү иштеринен кийин тарап кетишти. Ал эми Баткен жана Сох райондорунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери, жеринде териштирүү ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бүгүн саат 13:00дөр чамасында Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочулары күнүмдүк тиричиликке байланыштуу маселеден улам чырдашып, андан соң мушташа кеткени айтылат. Мунун айынан эки өлкөнүн чектеш айылынын эли чек арага топтолгон.
"Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаган. Саат 15:00дөр чамасында чатакташкан эки тарап элдешип, тарап кетти. Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери жеринде териштирүү ишин баштады. Баткен району менен Өзбекстандын чектеш аймагында абал туруктуу", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери телефон  аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-өзбек чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин талкуулаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0