Агамдын сөөгү куйкаланып, күлү калыптыр. Максат айылындагы трагедиянын чоо-жайы

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБаткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунан каза болгон Ражаббай Эгембердиевдин иниси Момун Эгембердиев
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунан каза болгон Ражаббай Эгембердиевдин иниси Момун Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунан өрттөлгөн Максат айылындагы үйлөрдүн биринен жергиликтүү тургун Ражаббай Эгембердиевдин күйүп калган сөөгү табылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазган.
Ошол коогалаңдуу күндөрү биздин журналистке максаттыктар трагедия 2-майда болгонун айтып беришкен.
Sputnik агенттиги маркум Ражаббай Эгембердиевдин бир тууган иниси Момун Эгембердиевди таап, сүйлөштү. Окуянын чоо-жайын төмөнкүчө айтып берди.
Маркумдун иниси 45 жашта. Момун Эгембердиев куралдуу кол салуу учурунда агасын жоготуп, эки күн бою издеген. 2-май күнү агасынын күйүп калган сөөгүн өзү жашаган үйүнөн тапкан.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМаркум Ражаббай Эгембердиевдин өрттөлгөн үйүнүн азыркы орду
Гибель кыргызстанца Ражаббая Эгембердиева во время вооруженного конфликта на границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Маркум Ражаббай Эгембердиевдин өрттөлгөн үйүнүн азыркы орду
Учурда Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочусу 53 жаштагы маркум Ражаббай Эгембердиевге куран окутууга келгендердин аягы суюла элек. Бир кезде барга каниет кылып, жай турмушту башынан кечирип жаткан бүлөнүн бүгүн минтип, турак жайы гана талкаланбастан, башчысын жоготуп, жакындары сай-сөөгү сыздап, кан жутуп турган кези.
Агасынын сөөгүн иниси Момун Эгембердиев тапкан. Ал бир тууганын жоготкон күн өмүрүндөгү эң коркунучтуу, жүрөктү тилген окуя экендигин айтып, төмөнкүчө эскерди.
"Агамды эки күн бою издеп, барбаган жерим, сурабаган кишим калган жок. Айрымдар тирүү көргөнүн да айтып жатышты. Таппай, айлам түгөнгөндө, өрттөлгөн үйүбүзгө келдим. Жалын баарын жалмап, төрт дубалы гана калыптыр. Анан агам уктачу бөлмөнү карап жүрсөм, кишинин сөлөкөтүнө окшош нерсе жатыптыр. Аны сөөк деп деле айтууга болбойт. Куйкаланган, болжол менен 80 пайызы күйүп калган. Ошол жерден өзүмдү жоготуп, денем титиреп, ушул куйкаланып бүткөн сөлөкөт агам экенин жүрөгүм туйду. Өзүмдү жоготуп, дендароо болуп калдым", — деди ал мууну титиреп.
Момун Эгембердиев каргашалуу окуя башталган 28-апрелдин түнүндө өзү жашаган үйдөн чыгып, Максат айылынын баш тарабындагы айылдаштарынын тамынын жер төлөсүнө жашынган.
Агасы менен чогуу тургандыктан ал да артынан келе жатат го деген ойдо болгон. Бирок Ражаббай Эгембердиев үйүн таштабай, кол салган тажикстандыктардан коргоо үчүн жалгыз калган экен.
© Sputnik / Зульфия Тургунова Ражаббай Эгембердиевдин Россияда мигрант болуп иштеп, маңдай тери менен тапкан автоунаасы да толугу менен өрттөлүп, каргашалуу күндү эстетип маркумдун короосунда турат
Гибель кыргызстанца Ражаббая Эгембердиева во время вооруженного конфликта на границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ражаббай Эгембердиевдин Россияда мигрант болуп иштеп, маңдай тери менен тапкан автоунаасы да толугу менен өрттөлүп, каргашалуу күндү эстетип маркумдун короосунда турат
Инисинин айтымында, маркумдун ден соолугу чың, алдуу-күчтүү, качууга жөндөмдүү эле жарандардан болгон. Устачылык менен алектенгендиктен каргаша башталаар алдында адаттагыдай эле жумушунан келип, үйүндө эс алып отурган.
Лейлек районунун Интернационал айылында каза болгон Мадинанын атасы Наимжан Абдуллов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Октон каза болгон 13 жаштагы Мадинанын атасы: аялым акылынан айнып кала жаздады
"Күлгө айланган сөөктү укук коргоо органдары келип көрүп, карап, эмнеден улам каза тапканын аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Жыйынтыгында биздин үйгө миномёттун огу түшүп, үй жарылганда качууга үлгүрбөй өрттөнүп кеткендигин айтышты, Бирок менин дагы бир шектенгеним — тажикстандыктар Максаттагы үйлөрдү тоноо үчүн киргенде агам кармалып калып, аны атып салышкан деп ойлойм. Өлтүргөн да анан үйдү өрттөп жиберишкен. Эгерде андай болбосо агам качып чыгууга үлгүрөт беле?" — дейт маркумдун бир тууганы көзүнөн жаш куюла.
Момун Эгембердиев Максат айылында чек ара чатагы жылына бир канча ирет кайталангандыктан балдар менен аялдар башка жакка чыгарылып, эркектер айылды коргоп кала тургандыгын баса белгиледи. Агасы ошол максат менен эч жакка качпай үйүндө калгандыктан кордук менен өлтүрүлүп, сөөгү күлгө айланган деп кейиди.
Маркумдун иниси анын сөөгүн Максат айылында жерге берген.
"Сөөктү жерге берерден мурда менден башка эч ким көргөн жок, тагыраагы, башкаларга көрсөткөн жокмун", — деди ал.
Маркумдун артында жубайы, үч кызы менен кошо жалгыз уулу калган. Ражаббай Эгембердиевдин өлүмү тууралуу анын үй-бүлөсүнө билдирүү баарынан эң оор болгондугун айтат. Трагедия учурунда анын үй-бүлөсү Бишкек шаарында болгон.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМаркум Ражаббай Эгембердиевдин уулу Руслан жана иниси Момун Эгембердиев
Момун Эгембердиев, брат погибшего в селе Максат Ражаббая Эгембердиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Маркум Ражаббай Эгембердиевдин уулу Руслан жана иниси Момун Эгембердиев
"Атам кана, атама эмне болду деп уулу, кыздары боздоп ыйласа, жанымды коёрго жер таппай, жүрөгүм тилинди", — дейт Момун Эгембердиев.
Маркумдун жубайы жолдошунун өлүмүн уккандан кийин абалы кескин начарлап, борбордогу ооруканалардын бирине жеткирилип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми кыздары Баткен районундагы жакындарынын үйүндө баш калкалоодо. Өрт жалмап, төрт дубалы гана калган маркумдун беш бөлмөлүү үйү ӨКМдин кызматкерлери тарабынан буздурулуп, таштандысы чыгарылган.
Үйүнөн сырткары Россияда мигрант катары жылдап иштеп, маңдай тери менен тапкан автоунаасы да толугу менен өрттөлүп, каргашалуу күндү эстетип маркумдун короосунда турат. Маркум Ражаббай Эгембердиевдин жалгыз уулу, 15 жаштагы Руслан атасынын иниси Момун Эгембердиев менен Катраң эли колдоо көрсөтүп, орнотуп берген боз үйдө баш калкалоодо.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨКМ кызматкерлер маркум Ражаббай Эгембердиевдин үйүнүн өрттөн калган дубалдарын бузуп, таштандыларын чыгарган
Гибель кыргызстанца Ражаббая Эгембердиева во время вооруженного конфликта на границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
ӨКМ кызматкерлер маркум Ражаббай Эгембердиевдин үйүнүн өрттөн калган дубалдарын бузуп, таштандыларын чыгарган
Руслан өспүрүм куракта болгону менен ал буга чейин куралдуу кол салуулардын бир канчасын башынан өткөргөнүн айтат.
"Буга чейин да көп жолу качып, аман калып жүрдүк. Тажикстан тараптан ок атылып, бирок токтоп калчу. Бул ирет андай болгон жок. Атам эч кимге зыяны жок, жөнөкөй, мээнеткеч киши эле", — дейт муңайып.
Маркумдун иниси Момун Эгембердиев атасынан айрылган Русланды эрезеге жеткирүү, ата ордуна ата болуп, бардык жүктү мойнуна алгандыгын сөз арасында айтып отурду.
Жаңылыктар түрмөгү
0