Автоунаалардын аягы көрүнбөйт. Бишкекке тоо тараптан келе жаткандардын видеосу

© Sputnik / Михаил ДудинАвтотыгын. Архив
Автотыгын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Окуянын күбөлөрү бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар көп экенин, кайтканда бир нече чакырымга созулган жол тыгын болгонун айтышты.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкекке тоо тараптан эс алып келе жаткандар узун автотыгынды жаратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирип, видеосун жиберди.
Кадрдан автоунаалар бир топ чакырымга тизилип, айрымдары эки-үч катар болуп токтоп калганын көрүүгө болот. Кишилердин сыртка чыгып алганы да байкалат.
Жол тыгын Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайларындагы жолдо болгон. Кырдаалды Кайгуул милициясынын кызматкерлери жөнгө салган. Жол кырсыгы байкалган эмес.
Видеону тарткан адам бүгүн шаар четине эс алганы чыккандар абдан көп болгонун айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0