Бишкекте ысык суу өчкөндөн кийин кандай иштерди жасап алуу керек

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүПрофилактика иштерин жасап жаткан сантехник. Архив
Профилактика иштерин жасап жаткан сантехник. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Бишкекте 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Буга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына көйгөйлөрдү алдын алуу иштерин жүргүзүп алуу сунушталды.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаада ысык суу өчкөн маалда бир нече профилактикалык иштерди жасап алуу керектигин "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы айтып берди.
Эске сала кетсек, Бишкекте 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Бул убакыт аралыгында суу түтүктөрү пландуу оңдоодон өткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даярдык көрүлөт.
Буга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына ар кандай көйгөйлөрдү алдын алуу иштерин жүргүзүп алуу сунушталды:
  • түтүк ылдый жактан келген көп кабаттуу үйлөр жогорку жактан аба чыгара турчу шаймандарды орнотуусу зарыл;
  • жылуулукту жакшы өткөрүү үчүн кирдеп толуп калган эски батареяларды жууп же алмаштыруу керек;
  • ошондой эле ысык менен муздак сууну аралаштырып берген крандарды оңдоп алуу туура;
  • ысык суу берилерде суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу зарыл;
  • айнектерди жана сырткы эшиктерди жылуулап алуу керек.
Суроолор боюнча "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын 1980, (0312) 611 169, 0557 611166, 0777611166 жана 0701 611166 номерине чалууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0