Жыштык чыры: биринин артынан бири камалгандар азыр кайда?

© REUTERS / POOLКишенчен киши. Архив
Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Былтыр жергиликтүү укук коргоо органдары радио жыштыгын сатуу боюнча иш козгоп, бир катар жогорку кызматтагы аткаминерлерди, жеке ишкерлерди камакка ала баштаган. Погончондор шектүүлөрдүн мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекет ири көлөмдө зыян тартканын билдирген.
Жакында ал айыпталуучулардын көпчүлүгүнө Биринчи май райондук соту өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган чуулуу иштин чоо-жайын кайра сунуштайт.

Сөз башынан болсун

Өткөн жылдын май айында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге тиешеси бар делип Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) эки, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова жана "Ала-ТВ" компаниясынын бир кызматкери кармалгандыгын кабарлаган.
Ага ылайык, 2020-жылдын 7-апрелинде Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголуп, аны Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнөн куралган ведомстволор аралык топ иликтеп, мамлекеттик сыр камтылган иш деп саналган. Анда бир байланыш операторунун лицензиясын кайра каттоодон өткөрүүдө мыйзамдар одоно бузулуп, мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилгени кабарланган.

Премьер-министр жумушунан кетип...

Коомчулукта резонанс жараткан иш боюнча парламенттеги депутаттар дагы үн катып, ага жогорку кызматтагы аткаминерлер, жадагалса ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин да тиешеси болушу мүмкүн экени айтыла баштаган. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатууда бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин билдирген.
Көп өтпөй премьер-министр кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, андан соң арызын жазып кызматынан кетүүгө мажбур болгон.

Биринин артынан бири камалгандар

Ошол эле айда Жазык кодексинин 42 жана 319-беренелери ("Кылмышты аткаруу" жана "Коррупция") менен издөөгө алынган "Ала-ТВ" компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров камакка алынса, 2020-жылдын ноябрь айында өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжыев, декабрда өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Азамат Араев камалган.
Ал эми 2021-жылдын февраль айында Мамлекеттик байланыш агенттигин дагы бир мурдагы жетекчиси Чыңгыз Бекташов жана Beeline аталышы менен таанылган "Скай Мобайл" компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Кражан тергөө абагына киргизилген.

УКМКдан өкмөт аппаратына чейин

Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2020
Атасын жер каратып... Чиновник, саясатчылардын кылмышка аралашкан балдары

Мамлекеттик байланыш агенттиги 2016-жылы телекоммуникация жана маалыматтарды берген радио жыштыгынын спектрин пайдалануу укугун берген лицензияны жеке тараптарга саткан. Аны "Ала-ТВ" компаниясы 1000 сомго эле алган. Аталган компания 2020-жылдын башында ал жыштыктын лицензиясын кошумча жабдуулары менен келишимдин негизинде "Скай Мобайл" компаниясына бир миллион 500 миң долларга сатат. Жыштыктын жаңы ээси бир нече күндөн кийин лицензияны кайра каттоодон өткөрүү жана интернет телевидениенин жыштыгын зымсыз жогорку ылдамдыктагы интернет-жыштыкка котортуу үчүн Байланыш мамлекеттик агенттигине барган. Бирок ал мамагенттик андай кадамдарга баруудан баш тарткан. Мындан соң "Ала-ТВ" менен "Скай Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коомунун ээси буга чейин өз ара кызматташып алышып-беришип жүргөн УКМКнын 3-башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеген таанышына кайрылып, маселени оңунан чечип берүүгө жардам сурап, 60 миң доллар сунуштаган. Ал өз кезегинде кол алдында иштеп байланыш тармагындагы объектилерде ыкчам-чалгындоо иштерин жүргүзгөн эки кызматкерди иш бөлмөсүнө чакырып, ишкерлердин лицензиясын кайра каттоону тездетүүгө көмөктөшүү тапшырмасын берген. Тиешелүү көрсөтмө алгандар Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Байланыш мамлекеттик агенттигинин ички иштерине киришип, жеке компаниянын таламын талашкан. Анысы аз келгенсип, ал мекемелердеги жооптуу кызматкерлерди коркутуп-үркүтө да башташкан.

Иш жай жүрүп жаткандыктан "Ала-ТВ" ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы болуп иштеген таанышы Азамат Араевди ортого салып, өз тарабынан таасир этүүнү өтүнүп, 20 миң доллар сунуштаган. Ал ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен байланыш тармагында тыгыз иш алып барып жүргөн өкмөт аппаратынын жетекчиси Самат Кылжыевге кайрылган.
Бирок бул тармакта аралашып жүргөн айрым жетекчилер, тагыраагы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин бир орун басары интернет-телевидениенин жыштыгын зымсыз жогорку ылдамдыктагы интернет-жыштыкка которуу мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турганын жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде гана технологиялык стандартты өзгөртүү мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле ал мындай коммерциялык кирешелүү жыштыктар сынак же аукцион аркылуу гана берилиши керектигин белгилеген. Андан сырткары, ал Байланыш мамлекеттик агенттиги "Ала-ТВ" менен "Скай Мобайлдын" сатуу жана сатып алуу келишимин жокко чыгаруу үчүн мамлекеттин атынан сотко доо-арыз жазууга укугу бар экендигин жогору жактагыларга кабарлаган. Буга карабай ошол кездеги Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Наталья Черногубова жыштыктын технологиялык стандарттары өзгөртүлсүн деп кол койгон. Тергөө органдары эгер ал жыштыкты мамлекеттик орган аукционго койсо, баштапкы баасы эле 35 миллион 696 миң сом болмоктугун аныктаган.

Айыпка жыгылып, жазадан кутулгандар

Жети айыпталуучунун былыгын Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун соттору карады. Шектүүлөрдүн көпчүлүгү тергөө менен кызматташууга барып, күнөөлөрүн мойнуна алган. Жыйынтыгында Фемида өкүлдөрү алардын бирин дагы темир тор артында калтырган эмес.
Өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжыевге 300 миң сом айып салынып, үй камагынан бошотулду;
Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Азамат Араевге 300 миң сом айып пул салып, пара катары алган 20 миң доллар мамлекеттин пайдасына чегерилген. Ал үй камагынан бошотулган;
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Д.М.Н 260 миң сом айыпка жыгылып, үй камагынан бошотулду. Мындан тышкары, ага катталган турак жайлар камакта калган;
Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Наталья Черногубовага 260 миң сом айып пул салынып, өзүнө катталган турак жайын, автоунаасын камакта калтырып, өзүн үй камагынан чыгарган;
УКМКнын 3-башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басарына 260 миң сом айып салынып, Аскер прокуратурасында далил катары сакталган 12 миң 500 доллар өлкө казынасына которулуп, менчик автоунаасы камакта калган;
Случаи нападения с ножом  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Аялын бычактап милиция чакырган эргул. Апрелдеги соттук чечимдер
УКМКнын 1-башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн начальнигине 300 миң сом айып салынып, Аскер прокуратурасында далил катары сакталган 9500 доллар өлкө казынасына өткөрүлгөн. Ага таандык Toyota Land Cruiser 200, Mersedes-Benz C-180, Land Rover, Range Rover, Mercedes-Benz E-320, Peugeot-508, Honda Accord үлгүсүндөгү алты автоунаа камакта калтырылган;
УКМКнын 1-башкы башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине 260 миң сом айып салынып, далил катары сакталган 12 миң 500 доллар мамлекеттик казынага которулган;
"Ала-ТВ" ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаровду өлкө казынасына 280 миң сом айып төлөмөр кылып, үй камагы алып салынган;
"Скай Мобайл" компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Кражан боюнча тергөөнү учурда Аскер прокуратурасы улантууда.
Эскерте кетсек, жыштык чыры себеп болуп кызматынан кеткен Мухаммедкалый Абылгазиев азыр камакта. Бирок ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына караганда, ал мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан.
Ал эми райондук сот чыгарган өкүмдөрдө толгон-токой былыктардын ачылышына түрткү болгон жыштыктын келечеги жазылган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0