Кан басымды түшүрүүгө кайсы азыктар жардам берет? Адистин кеңеши

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКан басымын өлчөө учурунда. Архив
Кан басымын өлчөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Жазылуу
Алма кан басымды өз калыбында кармап турууга жакшы жардам берет. Себеби бул жемиштин курамында тамак сиңирүү системасына жакшы таасир эткен пектин бар.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Аз кыймылдоо жана туура эмес тамактануу адамды гипертония, башкача айтканда, кан басымды көтөргөн ооруларга алып келет. Бул тууралуу нутрицолог Александр Мирошников билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, алма кан басымды өз калыбында кармап турууга жакшы жардам берет. Себеби бул жемиштин курамында тамак сиңирүү системасына жакшы таасир эткен пектин бар. Алма клетчаткага бай жана канда жаман холестеринди азайтып, кан басымды төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Гипертонияны алдын алуу үчүн күндүз бир-эки алма жеп коюу жетиштүү.
Эт жеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Организмди талкалай турчу азык, суусундуктар. Тизме
Мындан сырткары, гипертония оорусу менен күрөшүүгө кызылча да жакшы жардам берет. Анын курамында пектинден сырткары азоттун оксиди бар. Ал кан тамырларды кеңейтүүгө жооп берет. Дарыгер кан басым көтөрүлгөн учурда кызылчанын ширесин ичүүнү сунуштаган.
Ошондой эле кан басымды төмөндөтүүгө кургатылган өрүк да миңдин бири экени кошумчаланды. Анткени ал калийге бай. Бул зат да кан тамырларды кеңейтет.
Жүрөк-кан тамыр системасына майлуу Омега-3 кычкылы да пайдалуу. Адис кан басым өз калыбында болуп турганда аны колдонсо болот, бирок көтөрүлүп кеткен учурда колдонбош керектигин эскертти.
Дарыгер гипертониктерге күнүнө беш граммдан (бир чай кашык) ашык туз колдонбоону да сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0