Илимий борбордун лаборанты ВИЧке ПТР анализин жүргүзүп жатат. Архив

ВИЧ боюнча соңку статистика жана тест тапшыра турчу борборлордун даректери

54
(жаңыланган 12:32 16.05.2021)
Республикалык "СПИД" борбору ВИЧ өлүмгө кептеген оору болбой калганын эскертип, бул дарт өнөкөт оору экенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. 2021-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда жалпы 10 644 адамдан ВИЧ-инфекция аныкталган. Анын ичинен оору 2 311 адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык "СПИД" борборунан кабарлашты.

Маалым болгондой, май айынын ар бир үчүнчү жумасынын жекшембисинде СПИДден каза тапкандар эскерилет.

Борбордон ВИЧ өлүмгө кептеген оору болбой калганын эскертип, бул дарт өнөкөт илдет экенин белгилешти.

"ВИЧ-инфекциясын убагында аныктап, аны көзөмөлгө алса адам өмүрү коркунучка кептелбейт. Ошол себептен коомчулук ВИЧке карата тесттен өтүп коюшу шарт", — деп жазылат маалыматта.

ВИЧ-инфекциясына тест тапшыра турчу жерлердин даректери:

  • Республикалык "СПИД" борбору. Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 8. Телефону: (0312) 30 10 82;
  • СПИД менен күрөшүү боюнча шаардык борбор, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 62а. Телефону: (0312) 43-40-76;
  • Ош облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Ош шаары, Моминов кууш жолу, 10. Телефону: (03222) 7 66 30;
  • Жалал-Абад облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Жалал-Абад шаары, Курортная көчөсү, 37. Телефону: (03722) 2-67-21, 6-03-42;
  • Талас облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Талас шаары, Ленин көчөсү, 257. Телефону (03422) 5-52-36;
  • Баткен облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Баткен шаары, Раззаков көчөсү, 13. Телефону: (03622) 5-08-77;
  • Ысык-Көл облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Каракол шаары, Пролетарская көчөсү, 118. Телефону: (03922) 5-97-59;
  • Нарын облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Нарын шаары, Раззаков көчөсү, 1. Телефону: (03522) 5-19-42;
  • Чүй облустук СПИД менен күрөшүү борбору. Дареги: Токмок шаары, Комсомольская көчөсү, 129. Телефону: (03138) 3-06-12.
54
Белгилер:
статистика, оору, СПИД, ВИЧ, Кыргызстан
Тема боюнча
ВИЧ жугузуп алган келин: толгоом бышып турса да доктурлар албай кыйналдым
Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт
Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн бир тууганы менен жолугушту

Балдар үйүндө көз жумган өспүрүм боюнча иш Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө

16
(жаңыланган 22:20 21.06.2021)
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан.

  • Уполномоченная по правам ребенка Жыпариса Рысбекова встретилась с Богданом Якуниным — братом погибшего воспитанника Военно-Антоновского детского дома Игоря Якунина. 21 июня 2021 года
    Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Уполномоченная по правам ребенка Жыпариса Рысбекова встретилась с Богданом Якуниным — братом погибшего воспитанника Военно-Антоновского детского дома Игоря Якунина. 21 июня 2021 года
    Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Балдар үйүндө каза тапкан Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди

Эске салсак, балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусунун өлүмү тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон.

Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген ой болуп жаткандыгын айткан.

Жолугушууда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөөлөрүн уккан.

Рысбекова Богдан Якунинди учурда окуянын бардык жагдайлары комиссиялык кароодон өтүп жатат деп ишендирген. Ал Игорь Якуниндин өлүмүнүн жагдайларына баа берүүнүн жыйынтыгы менен бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралат деген.

16
Белгилер:
Игорь Якунин, Жыпариса Рысбекова, кайрылуу, өлүм, балдар үйү, Кыргызстан
Тема боюнча
Буга чейин далай качкан. Чүйдө 15 жаштагы бала кайрадан изделүүдө. Сүрөт
Жалал-Абадда жоголгон 13 жаштагы бала табылды
Ош шаардык тез жардам кызматынын диспетчердик бөлүмүнүн кызматкери. Архив

Ошто эпидемиологиялык абал курчуй берсе шаарга чектөөлөр кирет

35
(жаңыланган 21:49 21.06.2021)
Кыргызстандын экинчи борборунда коронавирус боюнча абал оор боюнча калып жаткандыгын айткан вице-мэр элди санитардык эрежени бекем сактоого чакырды.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ош шаарында коронавирус боюнча кырдаал курчуса, чектөөлөр кириши мүмкүн. Бул тууралуу аталган калаанын вице-мэри Эмиль Шадыханов айткандыгын муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 21-июнда, Ош шаарынын мэриясында эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча штабдын кезектеги жыйыны болгон.

"Учурда Ош шаарындагы абал оор боюнча калууда. Шаардыктарды эл көп чогулган жайлардан алыс болуп турууга чакырабыз. Эгер кырдаал курчуй турган болсо чектөөлөр кириши мүмкүн. Муниципалдык ишканаларда 65 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтөт", — деген вице-мэр.

Ал элди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырды.

21-июлга карата Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын саны 54 болгон. Маалыматта стационарларга кайрылган жарандардын саны суткасына 700гө жетип жатканы айтылды.

Кыргызстанда акыркы мезгилде коронавирус жуктургандар көбөйүп жатат. Алдыдагы эки жумада ооругандардын саны кескин көбөйө турганы божомолдонду.

35
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Ош шаары, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бийлик кыргызстандыктарды эл көп топтолгон жерлерге барбоого чакырып жатат
Учпагандар кирбейт! Кыргызстандын аэропортторунда чектөөлөр күчөтүлдү