Кыргызстан жашоого ыңгайлуу өлкө. Афганистандык Зарифанын баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековАфганистандан келген англис тили мугалими Зарифа Адиба
Афганистандан келген англис тили мугалими Зарифа Адиба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Жазылуу
Зарифа Адиба бир нече жыл мурун Кыргызстанга билим алууну көксөп Афганистандан келген. Азыр ал англис тилинен сабак берип, өлкө ичинде саякаттоого да киришти.
Кыргызстан жашоо үчүн эң ыңгайлуу жер экенине ынанат. Эмне үчүн андай ойдо десеңиз, жообун Sputnik Кыргызстандын бул материалынан окуңуздар.
Чет өлкөлүк бийкеч Кыргызстан менен Афганистандын окшош жактарын, ошондой эле азыр мекенинде турмуш кандай экенин айтып берди.
— Кыргызстанга эмне үчүн келдиңиз эле?
— Афганистанда төрөлүп-өстүм. Мекенде жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгүм болбоду. Үй-бүлөмө көмөктөшүү үчүн окуучулук кезден иштей баштадым, бул мектепти аяктаган соң да уланды. Жакындарына кол кабыш кылуу үчүн Афганистанда балдардын иштеген учурлары көп кездешет... Бирок мен үчүн акча табуудан тышкары билим алуу өтө маанилүү эле.
Бир нече университетке документ тапшырып, кыргызстандык окуу жайлардын бирине өтүп кеттим. Акырына чейин жакындарыма сыртка окууга кетип жатканымды айткан жокмун.
Билетим колго тийгенде гана апама айттым. Эки-үч күндөн кийин Кыргызстанга учарымды угуп ишенбей, "койсоңчу тамашаңды" дегендей кол шилтеп койду. Кийин апам менин ниетим олуттуу экенин түшүндү. Бул сапарымдын акыбети кайтарына 1000 жүйөнү келтирип отуруп, акыры менин чечимиме макулдугун берди. Анан апам мен үчүн аябай кубанды. Себеби афганистандык балдардын көпчүлүгү билимден өксүп келишет, ал эми мага ушундай мүмкүнчүлүк буюрду.
© Sputnik / Табылды КадырбековЧет өлкөлүк бийкеч Кыргызстан менен Афганистандын окшош жактарын, ошондой эле азыр мекенинде турмуш кандай экенин айтып берди
Преподаватель английского языка из Афганистана Зарифа Адиба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Чет өлкөлүк бийкеч Кыргызстан менен Афганистандын окшош жактарын, ошондой эле азыр мекенинде турмуш кандай экенин айтып берди
— Афганистандан чыгууда кыйналдыңызбы?
— Өлкөнүн бардык тургундарынын атынан айта албайм, жеке мен үчүн тышка чыгуу эч качан маселе болгон эмес. Жашымдан кыйла көп саякаттадым. Индия, Түркия, Европа жана Американы көрдүм. Бардар афган бүлөдөн экен деп ойлобоңуз, ошол сапарларымдын баары акысыз жана билимге байланыштуу болчу. Дүйнөнү кыдыруу үчүн эмнеге башкалар деле ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланышпайт деп ойлоп коём кээде.
Пандемияга дейре каалаган жагыңа кетүүгө жол ачкан жүздөгөн программалар бар эле. Анан да уюштуруучу тарап көбүнесе бүт чыгымдарды өз мойнуна алат. Пандемиянын айынан жагдай өзгөрдү, анткен менен эртеби-кечпи баары өз нугуна түшөт.
Ушул тапта да программалардын көбү онлайн режимде иштөөдө. Коронавирусту жеңип чыкканыбызда мындай программалар алкагында саякаттоого сиздердин да мүмкүнчүлүгүңүздөр болоруна ишенем.
Афганистандан кетүү кыйынчылык деле туудурган жок. Болгону жакындарым менен көпкө чейин көрүшпөй турганымды ойлогондо оор боло түшөт.
— Кыргызстанга келгениңизде кандай сезимдерге тушуктуңуз?
— Албетте, келерден мурун бул өлкө жөнүндө көп окудум. "Гугл" ачканда эле Ысык-Көл, Каракол, Соң-Көлдү көрсөткөн, мындай кооз жерге баратканыма аябай кубангам. Жаратылышы жомоктогудай эмеспи!
Бишкекте жашаган Эстониялык Ребекка Хан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2021
Эстониядан Кыргызстанга көчүп келгениме өкүнбөйм. Чет өлкөлүк кыздын маеги
Анан да ажарлуу кыргыз аялдарын көргөндө айран таң калдым. Назик, келишимдүү келбет жана аялдык бардык сапаттар камтылган. Айтмакчы, афган айымдарынын да улуттук кийимдери сиздердин салттуу кийимдерге окшошуп кетет. Кыргызстанга келерде өзүм көксөгөн өлкөгө аттанганымдай туюлган.
Ала-Тоого аяк басканы буга ого бетер ынандым. Мен келген тушта күн ушунчалык суук десеңиз... Салкыныраак болорун билгем, бирок катуу суукка даяр эмес элем. Октябрь эле болчу. Афганистанда кыш да мынчалык катаал эмес (жылмайып).
Мени тосуп алган кыз алдыда күн дагы сууктай турганын айтып, кандай болсо да декабрга жылуу кийим-кече алып алууга кеңеш берген. Кийин көргөндөрүмө салыштырмалуу аба ырайы эч нерсе болбой калды. Мыкты тарбиялуу, акылдуу, көптү үйрөтө турган абдан сонун адамдар менен таанышуу буюрган экен. Мага ишенип коюңуздар, коом чыны менен эркин. Бул өлкөдөгү адамдардын колунда бийлик көп! Революция кыласыздар, коомдун турмушун өзгөртөсүздөр, бул таасирлентпей койбойт.
© Sputnik / Табылды КадырбековЗарифа Адиба бир нече жыл мурун Кыргызстанга билим алууну көксөп Афганистандан келген
Преподаватель английского языка из Афганистана Зарифа Адиба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Зарифа Адиба бир нече жыл мурун Кыргызстанга билим алууну көксөп Афганистандан келген
— Афганистандагы жашоодон кеп салсаңыз.
— Азыркыга дейре абал туруксуз. Буга карабастан жергиликтүү эл ал жакта жашап келет. Күн сайын жумушка барышат, окуусун улантышат. Калктын басымдуу бөлүгү жакыр, эптеп тамак-ашка акча табышат. Көчөдө, чатырларда жашашат. Согуштун айынан Афганистанда качкындар да толтура. Анткен менен короо-сарайы кайтарылган, укмуш унаа тепкен байлар да жок эмес.
Индияылк ишкер Сандип Бижауат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Чет өлкөлүктөрдүн кайсы адаты кыжырга тиет. Бишкектеги индиялык ишкердин маеги
Афганистан бир жактуу мүнөздөлөт, чабуул, жарылууларды эле көрсөтө беришет. Өлкөнүн жакшы жактарын ичинде жашап гана көрүүгө болот. Алар аз жана майда нерселерде, адамдары кайрымдуу, табияты көз жоосун алат. Бул республиканын терең жана жөнөкөй эмес тарыхы бар, мекенимде баары жөнгө салынса экен дейм.
Университетти аяктаган соң үйүмө кайтам, азырынча кайда иштээримди билбейм, бирок мектептеги билим берүүнүн абалын өзгөрткүм келет. Кичинекейлер чоң үй-бүлөнү багууга кайыр сурабашы керек. Ал балдар мектепке барып, билим алууга тийиш.
— Бишкекте сизди эмне таң калтырды?
— Эркиндик жана коопсуздук! Биз жакта кечинде үйгө кайтканымда дайым кооптонор элем, анткени көчөдө эркектер сенин дарегиңе бир нерсе деп кыйкыра беришет... Азыр бул харассмент (тийишүү) деп аталат. Ал эми Бишкекте өзүмдү толук эркин сезем. Калаада каалаган убагымда сейилдей алам, ошол эле учурда санаам тынч. Коопсуздукта экенимди билем.
Шаарга жаңыдан келгенимде көчөлөрдүн боштугуна, адамдардын аздыгына таң калгам. Кабулда Кыргызстандын жалпы аймагындагыдай калк жашайт да! Ал эми Бишкекте болгону миллион тургун бар. Ушул жагы да мен үчүн Кыргызстанда жашоонун артыкчылыктарынын бири. Албетте, кыжырым келген көрүнүштөр да жок эмес. Маршруткалар — бул шаардын башкы көйгөйлөрүнүн бири. Бишкекте троллейбустар бар, бирок алар мен барчу жерлерге чейин жетпейт.
Албетте, мен чет элдикмин, Бишкектин түзүлүшүн жакшы түшүнбөйт чыгармын. Бирок, менимче, маршрутка көйгөйүн троллейбус жана автобустарды көбүрөөк сатып алуу менен эле чечип коюуга болор.
© Sputnik / Табылды КадырбековЗарифа: Афганистанда төрөлүп-өстүм. Мекенде жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгүм болбоду
Преподаватель английского языка из Афганистана Зарифа Адиба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Зарифа: Афганистанда төрөлүп-өстүм. Мекенде жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгүм болбоду
Бир нече ирет коомдук транспортто ыңгайсыз абалга тушуктум. Маршруткада музыка угуп бара жатам, айдоочу мага ачуусу келип кайрылып жатканын баамдап турам, бирок эмне деп жатканын түшүнбөдүм. Мен адатта транспорттон түшүп баратканда жол кирени берип жүрчүмүн. Унаага киргенде дароо төлөп көнбөпмүн...
Ошону менен бирге эле транспортто көңүл жылыткан көрүнүштөргө да күбө болом. Биринчи катарда жаш балдар отурган. Маршруткага баштык көтөргөн улгайган аял кирери менен жанагы балдар дароо ордунан туруп, аны жайгаштырып, өздөрү туруп калышты. Андай жүрүм-турум көптү айтып турат. Ушул жагы мени аябай тартат.
— Кыргызстанда билим берүү деңгээлин кандай баалайт элеңиз?
— Азыр алып жаткан билимимдин сапаты чет жактагылардан эч айырмаланбай турганын ишенимдүү айта алам. Кыргызстанда англис тилинде окуткан бир нече университет бар, алардын биринин студенти катары сапатка ыраазымын.
— Чоочун мамлекетте жашай баштаганда адамдын көп жагынан көз карашы алмашат эмеспи, Кыргызстанды байырлаганыңыздан бери өзүңүз канчалык өзгөрдүңүз?
— Бул жакта биринчи жолу татуировка жана пирсинг жасаттым. Дагы бир өзгөрүүнү айтсам, кай бирөөлөргө кызык туюлар, бирок ой бөлүшкүм келет. Кыргызстанда исламды терең изилдей баштадым. Афганистанда бул динди тутунгандар айланамда көп болгону менен маани бербепмин. Кыргызстанга келгени куранга кызыгуум күч алды, анда камтылган философия мага жакын экенин сездим. Жакындарымдан алыс жашагандыктан алардын мага канчалык кымбат экенине дагы бир ирет ынанып, анан да аябай сагынганымды моюнга алып турам.
Жаңылыктар түрмөгү
0