Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаркта эс алуучулар
Паркта эс алуучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. 17-майда күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25...+30, Таласта +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көлдө +16...+21 жана Нарын жергесинде +17...+22 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, ал эми Ош калаасында +30...+32 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0