Электрик жумуш учурунда. Архив

Эртең Бишкектин айрым бөлүктөрүндө жарык өчүрүлөт. График

90
(жаңыланган 15:27 16.05.2021)
Өчүрүүлөр учурунда монтаждоо топтору электр чубалгыларын жана трансформаторлордун иштөөсүн жөнгө салышат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 17-майда, Бишкектин бир катар бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Электр кубаты төмөнкү райондордо болбойт:

  • 8:00дөн 17:00гө чейин — Касым жаңы конушунда, Достук кичи районунда, Кубаныч, Профсоюз, Волков, Кайназарова, Патрис Лумумба көчөсүндө жана Темиров тар көчөсүндө;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карагач, Куршаб, Фере, Фирсов, Скрябин, Панфилов, Медеров, Гастелло, Некрасов, Эркин-Сай, Тюмен, Осипенко, Махатма Ганди, Баялинов, Көкчө-Тоо, Красный, Гагарин, Алтымышев, Боромбай көчөлөрүндө, Манас проспектисинде, Саламалик жаңы конушунда, Памир тар көчөсүндө, 10-кичи райондогу №1 үйдө, Абдрахманов көсөнүн № 152 турак жайында;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Эне-Сай жаңы кошунда (12, 13, 14, 15-көчөлөрүндө);
  • 9:40тан 18:00гө чейин — Ак-Тилек (Чамгарак, Ак-Тилек, Чалдыбар, Элебесов көчөлөрүндө), Арча-Бешик конуштарында (Алты-Түтүн, Кара-Кужур, Кең-Көл, Камбар-Ата, Кең-Суу, Садыбакасов көчөлөрүндө).
90
Белгилер:
өчүрүү, электр энергиясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө
Дүйнөлүк банк КРде электр энергиянын баасын өзгөртүүнү кубаттады
Астапаев: электр энергия өндүргөн сүзүп жүрүүчү станциялар курулат
Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышы

Нарындагы оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн имараты ишке берилди. Сүрөт  

12
(жаңыланган 22:16 17.06.2021)
Бакашеванын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.  

  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Коллектив инфекционной больницы во время церемонии открытия в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Заместитель председателя кабинета министров Жылдыз Бакашова приняла участие в открытии инфекционной больницы в городе Нарын. 17 июня 2021 года
    Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган
    © Фото / пресс-служба правительства КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства КР
Бүгүн, 17-июнда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулуп жаткан имарат пайдаланууга берилди

Анын айтымында, оорукананын 70 орундуу бөлүмүн салууга 79,2 миллион сом керектелген.  

"Курулуш иштерин "Мерибелл Текстиль Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коомунун подряддык ишканасы жүргүздү. Имараттын 48 койкасы бокс палаталарда, 22 койкасы реанимация жана интенсивдик палаталарда жайгашкан. Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдуулар тапшырылды", — деген Бакашева.  

Эске салсак, аталган оорукананын имаратын куруу иштери 2020-жылы башталган.

12
Белгилер:
курулуш, имарат, бөлүм, оорукана, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео
Бийлик Бишкек—Кара-Балта жолу качан оңдолуп бүтөрүн айтты
Күн караманын жалбырагынан жаан тамчылап жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

18
(жаңыланган 21:07 17.06.2021)
18-июнга караган түнү өлкөнүн көп аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын чөлкөмүндө +15…+20 градуска жетет.

Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +33…+35, Чолпон-Атада +19…+21 градусту көрсөтөт.

18
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Ысыгыраак болот. Июль айына карата аба ырайы