Дарыгер шишкебекти даярдоодо кайсы кошулмаларды пайдалануу кооптуу экенин айтты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүШишкебекти даярдоодо учурунда. Архив
Шишкебекти даярдоодо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Диетологдун пикиринде, майонез жогорку температурада организм үчүн зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат. Уксус болсо адамдын ичеги-карынына терс таасир этип, бөйрөктө ооруну пайда кылат.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Шишкебекти маринаддап жатканда уксус жана майонез колдонуу ден соолукка өтө кооптуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Диетолог Ирина Морозованын айтымында, майонез жогорку температурада организм үчүн өтө көп көлөмдөгү зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат.
"Ден соолугум мен үчүн кымбат деген адамдарга бул өтө жаман вариант", — деди ал.
Уксус кошулуп маринаддалган эт болсо адамдын ичеги-карынына терс таасир этет жана бөйрөктө ооруну пайда кылат.
Кан басымын өлчөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Кан басымды түшүрүүгө кайсы азыктар жардам берет? Адистин кеңеши
Дарыгер ошондой эле маринадга айранды пайдалануу да зыян экенин эскертет. Себеби мындай ыкма организмдин белок менен темирди иштетүүсүнө тоскоолдуктарды жаратат.
Ал эми диетолог Маргарита Королева шишкебек жасоодо анардын ширесин колдонууну сунуштады. Ал этти жумшак кылып, пайдалуу заттарды сактап калат.
Жаңылыктар түрмөгү
0