Кыргызстанда канча балалуу энелердин саны көп? Статистика

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЖаңы төрөлгөн балдары менен аялдар. Архив
Жаңы төрөлгөн балдары менен аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Өлкөдө биринчи жолу балалуу болгондордун орточо жаш курагы 23 жашты түзсө, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облусунда алгачкы жолу көз жаргандар 21-22 жаштагылар.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда 15 жаштан 55 жашка чейинки курактагы 158 миңдей аял эне болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, республика боюнча биринчи жолу балалуу болгондордун орточо жаш курагы 23 жашты түзөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облусунда алгачкы жолу көз жаргандар 21-22 жаштагылар.
Балдары менен сүрөткө түшүп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2021
Ар бир аялга үчтөн бала туура келет! Бүгүн Кыргызстанда Энелер күнү
Ошондой эле 2020-жылы төрөгөндөрдүн 27 пайызы тун балалуу болсо, 35 пайызы экинчи жолу кыздуу же уулдуу болгондор жана ар бир сегизинчи аял (13 пайызы) төрт же андан көп баланын энеси.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылы 1 436 эне эгиз төрөгөн, 2019-жылы алардын саны 1 575ке жеткен. 2020-жылы 14 үй-бүлө үч эмдүү болсо, 2019-жылы ал көрсөткүч 26 болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0