Жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКол чатырлар. Архив
Кол чатырлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Аптанын экинчи жарымында өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөрү божомолдонууда.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги үстүбүздөгү жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада 17-19-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
20-майда күндүз бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө 17-18-майда күн ачык болот. 19-майда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Таласта 19-майга чейин жаан жаабайт деп божомолдонууда. 20-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош облусунда 17-18-майда жана 19-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 20-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.
Төрткүл суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Жалал-Абад облусунда дагы өлкөнүн башка аймактарындай эле 19-майга чейин жаан-чачын болбойт. Андан соң айрым райондордо маал-маалы менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Баткенде аптанын экинчи жарымында айрым аймактарда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында шамал болушу ыктымал. 17-18-майда күн ачык болот.
20-майда айрым райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт.
21-майда тоолуу аймактарда суук болуп, кар жаашы күтүлүүдө. 22-майда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрбөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0