Жалал-Абадда 25 жыл мурун менчикке берилген жер мамлекетке кайтарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалал-Абад шаары. Архив
Жалал-Абад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Шаардык прокуратура жүргүзгөн териштирүүнүн жүрүшүндө, жер тилке ишкерлер ассоциациясына берилип кеткендиги аныкталган.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жалал-Абад шаардык мэрия тарабынан мындан 25 жыл мурун менчикке берилип кеткен төрт гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Шаардык прокуратура териштирүү жүргүзүп, жер тилке 1996-жылдын 22-августунда "А" аталышындагы ишкерлер ассоциациясына автосервис куруу үчүн берилип кеткендигин аныктаган.
Жайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Прокуратура: Ысык-Көлдөгү менчиктелип кеткен жайыт мамлекетке кайтарылды
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндөгү шаардык прокуратуранын доо арызы бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы жер тилке Жалал-Абад шаардык мэриянын балансына өткөрүлгөн. Жер тилкенин баасы 98 миллион 160 миң сомду түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0