Чек араз. Архив

Расмий бийлик "Чоң-Алайда тажиктер окоп казып жатат" деген маалыматты төгүндөдү

449
(жаңыланган 18:44 19.05.2021)
Кечээ Унжу-Булак аймагында эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын Ош облусу жана Ляхш району боюнча өкүлдөрү жолугушкан.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында тажиктер окоп казып, кыргызстандык жашоочуларга коркунуч жаратууда. Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев парламенттин жыйынында айтты.

Эл өкүлү ага жергиликтүү тургундар чалып, тынчсызданып жатканын белгиледи.

"1990-жылы биринчи чоң кол салуу Чоң-Алайда болгон. Азыр дагы ушундай коркунуч жаралууда. Өкмөт башчы Улукбек Мариповду чакырып ушул боюнча маалыматын угалы, тез арада чечим кабыл албасак болбойт", — деди Бердиев.

Мындан улам төрага Талант Мамытов министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытовго маалыматты тактап берүүнү тапшырды.

Деген менен Чоң-Алай районун акими Өскөнбай Мамажакыпов депутаттын билдирүүсүн төгүнгө чыгарды.

"Учурда кырдаал туруктуу. Ал жерде делимитация, демаркация боло элек, такталбаган 1010 гектар жер бар. Аны негизи кыргыз тарап жайыт катары пайдаланып келген. Бүгүнкү күндө ал жакка мал өтө баштаганда Тажикстандын аскерлери кармап алган. Эки тараптын чек ара заставаларынын башчылары сүйлөшүп, мал ээлерине кайтарылууда. Сүйлөшүүнүн негизинде такталбаган аймакка кирбей туруу макулдашылды. Ал жерге тажик аскерлери көзөмөл жүргүзөбүз деп келишкен. "Тажик тарап техникасын алып келип, окоп казыптыр" дегендин баары жалган", — деди аким.

Аны менен катар Чек ара кызматы билдирүү таратып, саат 12:30га карата абал туруктуу экенин кабарлады. Кечээ, 18-майда, Унжу-Булак аймагында эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын Ош облусу жана Ляхш району боюнча өкүлдөрү жолугушкан. Жайынтыгында "Кыргызстандын да, Тажикстандын да аскерлери Унжу-Булак аймагындагы чек ара такталганга чейин көзөмөл жүргүзбөйт" деген бүтүмгө келишкен. Биргелешкен кайгуул жүргүзүү тараптардын макулдашуусу менен ишке ашырылат.

Азыркы тапта Чоң-Алай районундагы чек ара бөлүмү штаттык режимде иштеп жатканы белгиленди.

449
Белгилер:
чек ара, Чоң-Алай, кыргыз-тажик чек арасы
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (309)
Тема боюнча
Ак-Сайга чек арачы менен УКМК кызматкери келген. Чек арадагы окуянын чоо-жайы
Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап тең кишилерди барымтага алып, кайра бошотту
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды

19
Дарыгер суу тууралуу азыр айтылып жүргөн айрым нерселерди жокко чыгарып, анын себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда суу жана анын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу айтылып жаткан нерселердин көпчүлүгү жөн гана миф. Бул тууралуу "Прайм" агенттигиндеги маегинде эндокринолог, диетолог Ульяна Румянцева айткан.

"Мисалы, бир күндө 2 литр суунун өзүн ичиш керек деп айтылып жүрөт. Бул туура эмес, ар кайсы организм уникалдуу, баарына 2 литр суу керек деген түшүнүк жок. Экинчиден, сөз болуп жаткан көлөм бир гана суудан турушу керектигин дагы эч ким далилдеген эмес. Ага чай, кофе, шире, шорпо кошула берет. Болгону алкоголь ичимдиги менен газдалган суусундуктарды эсептебеш керек", — деди дарыгер.

Адис логикалык жактан ойлонуп көргөндө деле элдин баарына 2 литрден суу ичүү системасы туура келбесин белгилейт. Таргыраак айтканда, эркектин организми аялдыкына караганда сууну көбүрөөк  талап кылат.

Ал эми толук адамдар учурдагы салмагына эмес, жашына жана боюна жараша идеалдуу деп эсептелген салмакка ченеп ичиши керек.

"Адам ооруп турган учурда, инфекция жуктуруп, дене табы көтөрүлгөндө болушунча көбүрөөк суу ичкени жакшы. Башка ооруларга чалдыккан учурларда ашыкча суу терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында адис бардыгы индивидуалдуу экенин кошумчалады.

19
Белгилер:
суу, дарыгер, миф, ден соолук, адам, норма
Тема боюнча
Канадада жасалма уруктандыруу үчүн өз уругун пайдаланып жүргөн дарыгер кармалды
Вакцина алып жаткан адамдар. Архив

Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды

12
(жаңыланган 13:41 01.08.2021)
Жалпысынан өлкөдө 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы маалым болду.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 17 194 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери 16 722 киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 472си экинчи дозасы менен эмделген.

Жалпысынан Кыргызстанда 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөгө AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилген.

Андан мурда, тагыраагы, 11-июлда, Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, өлкөдө калкты массалык түрдө эмдөө башталган.

12
Белгилер:
Кыргызстан, вакцина, эмдөө, коронавирус, иммунитет
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Үймө-үй кыдырып эмдөөдө вакцина бузулбайбы? Адистин жообу
Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет