Муздаткыч иштебей "Спутник V" вакцинасынын 1000ге чукул дозасы жарактан чыкты

© Sputnik / Медиабанкка өтүүСпутник V вакцинасы. Архив
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Иштебей калган муздаткычтагы 930 доза вакцина жарактан чыкты. Мындан улам аталган үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилигине сөгүш жарыяланды.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектеги №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда муздаткыч өчүп калып, "Спутник V" вакцинасынын 930 дозасы жарактан чыкты. Бул маалыматты Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова тастыктады.
"Муздаткыч 30-апрель күнү өчүп калган. Кийин андагы 930 доза вакцина алып салынды. Мындан улам аталган үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилигине сөгүш жарыяланды. Маселени андан ары Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаменти карап жатат", — деди адис.
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы Sinopharm вакцинасын дарядап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Кыргызстан 20 млн. долларга Кытайдын Sinopharm вакцинасын сатып алат
Анын айтымында, жарактан чыккан препараттар вакцинанын биринчи компоненти болчу. Учурда Кыргызстанда анын экинчи компоненти бар. Ошол себептүү өндүрүүчүлөр менен бузулуп калган вакцинанын ордун толтуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, Кыргызстанда Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы эки ирет 20 миң дозадан алып келинди. Чектелүү көлөмдө келип жаткан "Спутник V" вакцинасы курагы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0