Дарыгер өтө ысык суюктуктун зыян жактарын айтты

© Фото / Pixabay / Joseph MuciraЫсык чай. Архив
Ысык чай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Гастроэнтеролог спирт ичимдиги менен ысык суюктук организмге бир учурда киргенде адам тез мас болуп, жүрөк-кан тамыр, нерв системаларына, айрыкча боорго күч келерин белгилеген.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Гастроэнтеролог, диетолог, медицина илимдеринин кандидаты Ирина Бережная ысык суюктуктардын организмге келтирген коркунучтарын жана кайсы азыктар менен колдонбош керектигин РИА Новости агенттигиндеги маегинде билдирди.
Диетологдун айтымында, суусундук 37 градустан ысык болбошу керек. Антпесе организмге олуттуу коркунуч жаратат. Гастроэнтеролог өтө ысык суусундук организмдеги былжыр челди күйгүзүп саларын белгилеген.
"Эгер майлуу тамактын артынан өтө ысык чай ичсе, анда көп өлчөмдөгү май организмге залакасын тийгизиши ыктымал", — деди Бережная.
Адис чайда танин заты болгондуктан, аны спирт ичимдиги менен аралаштырып ичпеш керектигин айткан.
Кофе даярдоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Ачкарын эмнелерди ичпеш керек. Адистин кеңеши
"Чай менен спирт ичимдиги эч качан айкалышпайт. Эгер экөөнү аралаштырып иче турган болсо, спирт ичимдигинин бир бөлүгү организмге кошумча уулуу зат болуп сиңип, оору пайда кылат", — деген адис.
Ал бир гана чай эмес, башка да ысык суусундуктарды ичимдик менен аралаштырып колдонбоо керектигин эскерткен.
Гастроэнтеролог спирт ичимдиги менен ысык суусундук организмге бир учурда киргенде адам тез мас болуп, жүрөк-кан тамыр системасына, нерв системасына, айрыкча боорго күч келерин белгилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0