Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев июлга чейин камакта калтырылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев. Архив
Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Башкы прокуратура Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, анын бири жашыруун экенин билдирген.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаев УКМКнын абагында 25-июлга чейин калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.
Жарандык активист Жеңиш Молдокматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Активист Жеңиш Молдокматов эки айга камакка алынды
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун, бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатканын кабарлаган. Көбү атайын кызматтагы ишмердүүлүгүнө, ошондой эле жерлерди мыйзамсыз алууга байланыштуу.
Сегизбаев президенттикке талапкер болгон. Шайлоодон эки жума өткөндөн кийин, 25-январда, кармалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0