"Кыргыз темир жолунан" 500 млн. сом чыгарылып кеткен. Дашковдун иши

© Sputnik / Эмиль Садыров"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишкананын имараты. Архив
Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишкананын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Мамлекеттик ишкана товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн акча которулган компаниялар менен келишимдерди убагында түзбөгөнү аныкталды.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан 500 миллион сомдон ашык каражат чыгарылып кеткен. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин аталган ишкананын жетекчиси Василий Дашков коррупцияга шектелип кармалган.
Билдирмеге караганда, аталган мамлекеттик ишкананын жооптуу адамдары 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин товар, материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө шылтоосу менен "Генезис Плюс" ЖЧКсы жана "АтомГрупп" ЖЧКсына 500 миллион сомдон ашык акча которгон.
"Мындан тышкары, мамлекеттик ишкана товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн акча которулган компаниялар менен келишимдерди убагында түзбөгөнү аныкталды. Азыркы тапта мамлекеттик ишкананын бюджетке келтирген зыянын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып жатат", — деп жазылат маалыматта.
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
УКМК 59,5 млрд. сомду Кытайга чыгарып кетти деген шек менен эки адамды кармады
18-майда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын каржы бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т., "А.Г." ЖЧКсынын жетекчиси А.А.И., "Г.П." ЖЧКсынын жетекчиси М.Г.Р. жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков менен анын уулу да коррупциялык схеманын катышуучусу делип кармалган.
Кийин Василий Дашков 18-июнга чейин бир айдын ичинде келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0