Ысык-Көлдө COVID вакцинасын жети жерден алып жатышат. Тизме

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүCOVID-19 каршы вакцинация учурунда. Архив
COVID-19 каршы  вакцинация учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Спутник V вакцинасын Көл өрөөнүндө үч шаардан жана төрт райондон алууга болот. Акыркы суткада облуста 28 кишиден вирус чыкты.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун жашоочулары коронавируска каршы вакцинаны жети пунктудан сайдырса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Учурда кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm жана Россиянын "Спутник V" вакцинасын алууда. Экинчи препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда.
Ысык-Көл облусунда убактылуу жети пункт уюштурулган:
  • Каракол шаарындагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Балыкчы шаарындагы "Ысык-Көл" үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Чолпон-Ата шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
  • Тоң районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
  • Жети-Өгүз районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору.
Акыркы суткада облуста коронавирусту 28 киши жуктуруп, 22 адам айыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0