Эртең баштагыла! Марипов суу кайра топтолгон жолго түтүк коюуну тапшырды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Апрелде да ушундай суу топтолгондо Марипов аткаминерлерди зекип, тез арада чечүү тапшырмасын берген эле.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өз көзөмөлүнө алган жолго кайра суу топтолуп калышы боюнча Facebook баракчасы аркылуу реакция кылды.
Бейшемби күнү жааган жамгырдан кийин Бишкектеги Дэн Сяопин проспекти менен Алыкулов (Бишкек шаарына батыш тараптан кирген жер) көчөсүнүн кесилишин суу каптап, автоунаалар өткөн жолдо ири көлчүк пайда болгон. Апрелде да ушундай суу топтолгондо Марипов аткаминерлерди зекип, маселени жеке көзөмөлүнө алган болчу.
"Бүгүнкү күнү Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун 8,5-61-чакырымдарын Сhina Railway №5 подрядчы компаниясы оңдоп жатат. Аталган тилкедеги топтолгон сууну сордуруу үчүн эки водовоз жөнөтүлдү. Адистер тилкенин дренаждык схемасы чогулган сууну натыйжалуу буруп кетүүгө туура келбей турганын аныктап, бул көйгөй 2014-жылдан бери чечилбей келе жатканын айтышты", — деди Марипов.
Буга байланыштуу өкмөт башчы көйгөйдү чечүү үчүн подрядчы компанияга эртең, 21-майдан тарта, 8,5 жана 9,02-чакырымдарына эки дренаждык түтүк коюу ишин кечиктирбей баштоо тапшырмасын берген. Бул суунун топтолбой агып кетишине шарт түзөт. Түтүк коюу иштери 15-20 күнгө созулары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0