Баткендиктер төрт жерден коронавируска каршы вакцина алса болот

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинаны даярдап жатат. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинаны даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Эмдөө пунктулары Баткен жана Кадамжай шаарларындагы, Лейлек районундагы жана Кулунду айылындагы медициналык жайларда ачылды.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Баткен облусундагылар төрт жерден коронавирус оорусун алдын алган вакцинаны сайдыра аларын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Убактылуу ачылган эмдөө пунктулары:
  • Баткен шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Кадамжай шаарындагы аймактык оорукана;
  • Лейлек районундагы №1,2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлик практика борбору.
Марттын этегинде Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Апрелдин ортосунан тарта Россиянын "Спутник V" вакцинасы келди.
Россиялык препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Кытайдын вакцинасын каалоочулардын бардыгы алса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0