Нарындыктар COVID вакцинасын 10 пунктудан сайдырууда. Тизме

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинаны даярдап жатат. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы вакцинаны даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Облустун беш районунда тең эмдөө пунктулары даярдалган. Кыргызстандыктар вирустан коргой алган россиялык "Спутник V" жана кытайлык Sinopharm вакциналарын алууда.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Нарын облусунун тургундары 10 эмдөө пунктунан COVID илдетине каршы вакцина ала алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, облустун беш районунда тең эмдөө пунктулары даярдалган:
  • Нарын шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Ак-Талаа районундагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Тоголок Молдо айылындагы №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Кош-Дөбө айылындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Кара-Бүргөн айылындагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Ак-Кыя айылындагы №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Чолок-Кайың айылындагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Кочкор райондук үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борбору.
Марттын этегинде Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Апрелдин ортосунан тарта Россиянын "Спутник V" вакцинасы келди.
Россиялык препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Кытайдын вакцинасын каалоочулардын бардыгы алса болот. Негизинен жашы 18ге толгондорго эмдөөдөн өтүү уруксат. Ал эми кош бойлуулар жана бала эмизгендер албайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0