Жаштык, сахна, бала. Издешпей табышкан Эржан Осмонов менен Махабат Асанбекова

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАктер Эржан Осмонов менен келинчеги актриса Махабат Асанбекова
Актер Эржан Осмонов менен келинчеги актриса Махабат Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору актер Эржан Осмонов менен келинчеги актриса Махабат Асанбекова болмокчу.
Жубайлардын махабаты, арзуусу театрда башталып, дал ушул ыйык жайдан баш кошуп, балалуу болушкан. Чыгармачыл түгөйлөр театр алар үчүн баа жеткис, алмашкыс жай экенин белгилеп, чакан мамлекети кантип түптөлгөнүн айтып беришти.
Эржан учурда 33, ал эми келинчеги Махабат 31 жашта.
— Сиздер да башка чыгармачыл жубайлар сыяктуу театрдан табышсаңар керек, ээ?
Эржан Осмонов: — Ооба, өмүрлүк жарымды мен да маданият жаатында жүрүп жолуктургам. Тагыраагы, Токтоболот Абдымомунов атындагы драма театрынын алдындагы театралдык училищеден кезиктиргем. Азыр ойлосом, жаңы таанышканда экөөбүз тең бала экенбиз. Махабат театралдык окуу жайга 9-классты бүтүп, 17 жашында келди. Мен анда 19да болчумун.
Махабат Асанбекова: — Эржан экөөбүз 2-курстан тарта кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштадык. Ага чейин агайыбыз Назым Меңдебаиров "ушул экөөң кийин үйлөнөсүңөр" дей берчү. Анда мен кыйын болуп "Таласка тийбейм" деп калчумун. Өзүм Чүйдүн кызы болгондуктан, эмнегедир Талас аябай алыстай сезиле берчү. Көрсө, жакын эле экен (күлүп).
© Sputnik / Эрмек ЖумагуловЭржан Осмонов: Махабат токтоо жана адамгерчилиги бийик адам. Ошол сапаттарын баалап жактыргам. Азыр да ал мүнөзүнөн жазган жок, өзүн бир калыпта алып жүрөт.
Актер Эржан Осмонов и актриса Махабат Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эржан Осмонов: Махабат токтоо жана адамгерчилиги бийик адам. Ошол сапаттарын баалап жактыргам. Азыр да ал мүнөзүнөн жазган жок, өзүн бир калыпта алып жүрөт.
— Эржан, театрда биринен бири өткөн сулуу кыздар көп болсо керек. Махабат эмнеси менен жүрөгүңүздү арбап алды?
Э.О.: — Махабат токтоо жана адамгерчилиги бийик адам. Ошол сапаттарын баалап жактыргам. Азыр да ал мүнөзүнөн жазган жок, өзүн бир калыпта алып жүрөт. Мындан сырткары, Махабат тамакты даамдуу жасайт. Ошондуктан толукмун (күлүп). Махабаттын тамактарын үйдөгүлөр да мактап жешет. Ошол сапатын да аябай жакшы көрөм.
— Театр актердон убакыт, энергияны көп талап кылса керек. Мындай учурда тиричилик, үй-бүлө калып кетиши ыктымал. Махабат, сиз аял катары мунун баарын айкалыштырып чогуу алып кетүүдө кыйналган жоксузбу?
М.А.: — Кудай кут кылсын, театрда жүрүп эле үч баланын ата-энеси болдук. Балдар театрда эле чоңоюшту. Алардын кичинекей кезин эстеп, "кыйын экенмин" деп өзүмө баа берип кетем. Кыйналсак да баарына жетишчүбүз. Бала менен үйдө отурган жокмун. Төрөп эле бала менен кайра жумушка чыкчумун. Мунун баары жолдошум, кесиптештердин, агай-эжелеримдин колдоосу менен ишке ашты. Эржан экөөбүз бир театрда иштегендиктен жумушка баланы кошо көтөрө барчубуз. Мен сахнага чыкканда баланы Эржан карап турат, Эржан чыкканда мен карап турам. Экөөбүз тең сахнага чыгып калсак, көшөгө артында ким болсо ошол адамга карматып койчубуз.
© Sputnik / Эрмек ЖумагуловЭржан Осмонов: жаштыктын, убакыттын билинбей өтүп баратканына өкүнөм. Ушундай курч, энергия ашып-ташып турган учурда тарыхый фильмдерге тартылып, мыкты спектаклдерде ойноп калсак деген ой.
Кыргызский актер Эржан Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эржан Осмонов: жаштыктын, убакыттын билинбей өтүп баратканына өкүнөм. Ушундай курч, энергия ашып-ташып турган учурда тарыхый фильмдерге тартылып, мыкты спектаклдерде ойноп калсак деген ой.
Э.О.: — Кудай жалгап балдарыбыз да аябай жоош болду. Улуу кызыбыз төрөлгөндө аны кимдер гана баккан жок. Эртең менен театрга келгенде дайыма бийлечүбүз. Бул маалда кызыбызды жаткырып койсок репетицияда жаңырган музыкага уктап жата берчү. Махабат экөөбүз тең сахнага чыгып кеткен учурда көшөгө артында бала колдон-колго өтүп, аягында студенттер карап калчу. Театрдын жанында эле парк бар да. Студенттер аларды паркка алып чыгып, бир нерсе алып берип ботала-шатала болуп келип калышчу. Азыр балдарыбыз театрга "жүрү" десек да келбейт, бул жакта жүрүп чарчап калышса керек. "Үйдө эле сабак окуп отуруп туралы" деп калышат.
М.А.: — Тиричилик менен көбүнчө аял киши алек болот эмеспи. Балдарым кичинекей кезинде театрда чоң ролдорду алчу эмесмин. Анткени башкы каармандын ролунун ошончо түйшүгү, жоопкерчилиги бар. Керээли-кечке сахнадан түшпөй иштеш керек. Мындай учурда бала каралбай калбасын деп ролду да тандоого туура келчү. 
— Театрдын айлыгы аз экенин билебиз. Каражаттын тартыштыгы сиздерди театрдан кетүү тууралуу ойлонткон эмес беле?
Актёр Жолдошбек Жанжигит уулу менен келинчеги, актриса Анара Ажыканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Бир көрүп сүйгөм. Издешпей табышкан Жолдош Жанжигит уулу менен Анара Ажыканова
Э.О.: — Театрды таштап кетип калсамбы деген ой 99 жолу келип, 99 жолу кетет. Айлык алганда бир келет, айлык түгөнгөндө бир келет.
Кыргызстандан чыгып башка жакка иштеп келели деп деле ойлогонбуз. Бирок негедир өзүбүздү чыгармачылыктан башка жерден көрө албайбыз. Театрдан кетсең эле жашоо жоктой сезиле берет.
М.А.: — Жашообуз театр менен байланып калган, тузу оор.
— Театрга киргенде башка дүйнөгө кирип кеткендей болсоңор керек.
Э.О.: — Театр деген өзүнчө дүйнө да. Ал жакка киргенде тытынмай, жашоону унутуп коесуң. Роль үстүндө, процесстин өзүндө тиричилик деген нерсе оюңан чыгып кетет. Башка дүйнө! Акча, байлыкка кызыккан адам театрда иштей албайт. Бул жерде руханий байлык дегендер эл-жерге маданият жактан колдоо көрсөтөлү деп жүрөт.
— Театр актерлордон эмнени талап кылат?
Э.О.: — Тактыкты, анан тартипти. Коллективдүү жумуш болгондуктан тартип катуу. Эгер репетиция 10до баштала турган болсо, беш мүнөткө да кечикпеш керек. Анткени ал жакта сени эл артисти, эмгек сиңирген артисттер күтүп отурганы уят. Театр — тентек балдарды дагы тарбиялаган ыйык жай.
М.А.: — Театрга чыдаш үчүн темирдей бекем эрк керек, бир киргенден кийин кайра чыга албайсың. Элге көрүнөм, бат эле жылдыз болушум керек деген адамдар келбей эле койгону жакшы. Кээ бири дароо жылдыз болгусу келип, эки ай окуп алып эле анан мага качан мындай роль берилет дейт. Ал жакта дайыма изденип, иштеп, тыным албайсың. Кокус бир-эки ай алыстап калдың дегиче артка кетесиң. Ошондуктан айрыкча актриса болом деген кыздар үчүн бул кесипти тандоодо жети өлчөп бир кескиле деген кеңешимди берет элем.
— Кошумча каражат табуу булактарыңыздар барбы?
Диктор Мирзат Муканов менен жубайы, алып баруучу Айзуура Иманалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Издешпей табышкан Мирзат менен Айзуура: жаш болсок да баштан көп нерсе өттү
Э.О.: — Радиодо үн коштойбуз, жарнама, клиптерге тартылам. Бирок тамада эмесмин. Аракет кылып той алып барып көрдүм, бирок болбойт экен. Бөөдө бирөөнүн тоюн бузуп албайын деп андан кийин чыккан жокмун. Кийин "Акшоола" сериалы чыккандан кийин такси да айдабай калдым. Себеби адамдар сени колу менен көрөтүп, көп сөз айтылат экен.
— Жубайлардын бир жерде иштегенине кандай карайсыздар? Айрымдары кызганыч, уруш-талаш болот деп бир жерде иштешпейт го.
Э.О.: — Махабат экөөбүздүн бир театрда иштегенибиз абдан ыңгайлуу. Тескерисинче, эки башка театрда иштесек, балким бири-бирибизди кызганмак чыгарбыз. Экөөбүз сүйүшкөндөрдүн ролун көп аткарабыз. Башкалар менен деле сахнада өнөктөш болгондо кызганмай деген жок. Себеби сен сахналаш, кесиптештериңди жакшы билесиң. Бул жумуш да. Кызганыч дегенде эми Махабат экөөбүз бири-бирибизди жөн эле кызыл жоолуктан кызгана бербейбиз. Бул сезим ар бир эле адамда болуш керек, бирок жөнү менен.
М.А.: — Эржан тасмаларга тартылганда деле ар ким ар кандай сөздөрдү айтты. Бирок мен бул жаатты, чыгармачылык, кино, роль деген эмне экенин жакшы билем. Ошондуктан ортобузда кызганыч деген нерседен уруш чыкпайт. Башкысы — бири-бирибизге ишенебиз.
— Казан-аяк кагышканда кимиңер биринчи жазыласыңар?
Э.О.: — Экөөбүз тең көк бет эмеспиз. Урушуп кете турган болсок тез эле жазылып кетебиз.
М.А.: — Катуу деле урушуп көргөн эмеспиз. Чарт-чурт болуп кеткенде деле бат эле сүйлөшүп кетебиз. Ортодон балдарга сүйлөп жатып эле жарашып алабыз.
© Sputnik / Эрмек ЖумагуловМахабат Асанбекова: балдарыбыз кичинекей кезинде театрда чоң ролдорду алчу эмесмин. Анткени башкы каармандын ролунун ошончо түйшүгү, жоопкерчилиги бар.
Кыргызская актриса Махабат Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Махабат Асанбекова: балдарыбыз кичинекей кезинде театрда чоң ролдорду алчу эмесмин. Анткени башкы каармандын ролунун ошончо түйшүгү, жоопкерчилиги бар.
— Үй-бүлөнү бекем кармоодо жубайлар ортосунда эмне маанилүү деп ойлойсуздар?
Э.О.: — Эң башкысы, бири-бирине ишеним болуш керек. Ишеним жок жерде уруш-талаш көп чыгат. Анан байлык, акча деген нерселер үчүн урушпаган жакшы. Махабат экөөбүз акча, айлык үчүн кер-мур айтышпайбыз. Бул азыркы жашоодо өтө маанилүү деп ойлойм. Уруш дал ушул нерседен чыгат. Бизге Кудай эмне бербесин, кандай сыноо жибербесин, аны көтөрүп, жеңип кеткенге аракет кылабыз.
М.А.: — Чыдамдуулук, сабырдуулук да үй-бүлөнү сактап калууда чоң роль ойнойт. Турмуш азыр оңой эмес. Көбү акчанын айынан урушуп, ажырашып жатат. Айрым аялдар өзү каалаган кийимди кийбей калганы үчүн уруш чыгарат. Бирөөгө эрегишип оокат кылгандар бар. Бул үй-бүлөнүн ортосундагы ынтымакка жик салат. Жокту жоктой, барды бардай кабыл алуу керек. Анан адам өзүнүн үстүнөн иштеп, эгер мүнөзү жаман болсо, аны оңдош керек деп ойлойм. Мүнөзүң начар болсо, айрыкча кыз кишиники көп нерсеге тоскоол болот.
Аял да, эркек да үй-бүлө материалдык байлыктан бийик турарын түшүнүп билсе эле ортодо уруш-талаш аз болот деп ойлойм. Эржан экөөбүз тең оокатка көп жулунбайбыз. Барга шүгүр кылып жашаган үчүн дагы ортодо көп уруш чыкпаса керек.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваМахабат Асанбекова: Эржан экөөбүз тең оокатка көп жулунбайбыз. Барга шүгүр кылып жашаган үчүн дагы ортодо көп уруш чыкпаса керек.
Актер Эржан Осмонов и актриса Махабат Асанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Махабат Асанбекова: Эржан экөөбүз тең оокатка көп жулунбайбыз. Барга шүгүр кылып жашаган үчүн дагы ортодо көп уруш чыкпаса керек.
— Алдыдагы пландарыңар менен дагы бөлүшө кетсеңер. Анан кайсы каармандын образын жараткыңар келип жүрөт? Эржан, өзүңүздүн купулуңузга толгон ролуңуз барбы?
Э.О.: — Кинодо дагы, спектаклде дагы башкы максатым моноспектакль ойноо, тагыраагы, жалгыз спектакль коюу. Былтыр болмок, бирок пандемиядан улам ал пландар ишке ашпай калды. Жаштыктын, убакыттын билинбей өтүп баратканына өкүнөм. Ушундай курч, энергия ашып-ташып турган учурда тарыхый фильмдерге тартылып, мыкты спектаклдерде ойноп калсак деген ой. Жашың өткөндө деле мыкты роль аткарасың. Бирок азыркыдай күчүң, энергияң болбойт.
М.А.: — Балдар чоңоюп калды. Эми мен дагы чыгармачылыкка жакшылап киришип, чоң ролдорду алып, тасмаларга тартылсам деген пландарды коюп жатам.
Жаңылыктар түрмөгү
0