Муфтияттын алдындагы митингчилердин юртасы

Муфтияттын алдындагы митинг: чогулгандар боз үйдү чечишти

155
(жаңыланган 15:27 21.05.2021)
Буга чейин 10 киши муфтияттын алдында нааразычылык акциясын өткөрүп, муфтийди Аалымдар кеңеши эмес, Кыргызстандын ар кайсы райондорунда жашаган эл шайлашы керек деген талап коюшкан.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын имаратынын алдында митинг өткөрүп жаткандар Аалымдар кеңешинин өкүлү менен сүйлөшкөн соң ал жерге тиккен боз үйдү чечишти.

Буга чейин 10 киши муфтияттын алдында нааразычылык акциясын өткөрүп, ошол эле жерге боз үй тигишкен. Алар муфтийди Аалымдар кеңеши эмес, Кыргызстандын ар кайсы райондорунда жашаган эл шайлашы керек деген талап коюп жатышат. Чогулгандар бул талабы аткарылмайынча боз үйдү чечпей турганын билдиришкен. Мындан соң тараптар муфтияттын имаратынын ичине сүйлөшүү ичин киришкен.

Белгилей кетсек, муфтий, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы 29-майда Курултайда аймактан келген делегаттар тарабынан бекитилет. Муфтийликке талапкер катары алты кишинин документи талапка жооп берген. Бүгүн алар үчүн сынак өтөрү айтылган болчу.

Эске салсак, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп мекеме жетекчилигин айыптаган. Мындан улам ошол кездеги муфтий Максат Токтомушев кызматынан кеткен. Жаңы муфтийди шайлоо март айынын аягына белгиленип, бирок коркутуу жана чагымчылдыктан улам кийинкиге жылдырылган.

155
Белгилер:
талап, Боз үй, митинг, Муфтий, Кыргызстан
Тема:
Муфтийди шайлоо (9)
Тема боюнча
Муфтий болууга 8 киши камынып жатат. Тизме
Автоунаалар Бишкек - ​​Ош трассасында бара жатат

Шейшембиге карата аба ырайы

6
22-июнга караган түнү өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас облусунда +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын чөлкөмүндө +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +34…+36, Чолпон-Атада +18…+20 градус ысыйт.

6
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы
ЖРТ жыйынтыгы менен эң көп балл алган караколдук Жайдар Нургазиев

ЖРТдан эң көп баллга татыган Жайдар: Гонконгдогу окуу жайга тапшырып койгом

151
(жаңыланган 19:32 21.06.2021)
Мыкты жыйынтыкка жеткен окуучу тестирлөөгө кантип даярданганы жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасындагы жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен эң көп балл алган караколдук Жайдар Нургазиев менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүйлөштү.

Выпускник кыргызского-турецкого лицея Сапат имени Кусеина Карасаева в Караколе Жайдар Нургазиев, набравший наивысший балл на Общереспубликанском тестировании (ОРТ)
© Фото / администрация кыргызско-турецкого лицея "Сапат" имени Х. Карасаева в Караколе
ЖРТ жыйынтыгы менен эң көп балл алган караколдук Жайдар Нургазиев

Жайдар тесттен 232 балл алып, алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн сап башына чыкты. Ал Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы "Сапат" лицейин аяктады.

Бүтүрүүчүнүн айтымында, алтын сертификат алууну пландаган, бирок бардыгынан озуп чыгам деп ойлогон эмес.

"Бейкапар ноутбукта иштеп отурсам апам келип "сүйүнчү" деди. Ага лицейдегилер чалышыптыр. Алтын сертификат алганга аракет кылгам, бирок биринчиге чыгам деп ойлобоптурмун. ЖРТга жарым жыл даярдандым. Аябай көп деле убакыт бөлгөн жокмун. Ашып кетсе бир сааттай кошумча окуп, сабактан кийин мугалимдер менен иштеп жаттым. Тестте суроолор оңой эле болду. Анан бул аралыкта социалдык тармактарды жыйыштыргам", — деди Жайдар Нургазиев.

Ал лицейди жалаң "бешке" бүтүп жатканын айтып, билим берген мугалимдерине ыраазычылык айтты.

Жайдар чет мамлекетте окууну пландап, ЖРТнын жыйынтыгы чыкканга чейин эле Гонконгдогу CityU университетине тапшырганын билдирди.

Бүтүрүүчүлөр алтын сертификаттар аземинде . Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Гонконгдогу окуу жайга да ЖРТнын жыйынтыгы керек болчу. Буюрса ал жактан да бекер жана стипендия менен окуганы турам. Социология факультетин тандадым. Эл менен иштеген жагат, коомдун өнүгүшүнө салым кошом деген ниетим бар", — деди бүтүрүүчү.

ЖРТдан кошумча предмет катары математика менен англис тилин тандап алган, бирок азырынча жыйынтыгы чыга элек.

Караколдук окуучу үч бир туугандын экинчиси, агасы жана иниси бар. Ата-энеси компаниялардын биринде коопсуздук кызматында иштейт.

Бош убактысында сүрөт тартып, волейбол, баскетбол, кээде компьютердик оюндарды ойнойт.

151
Белгилер:
Жайдар Нургазиев, ыраазычылык, мугалим, лицей, сертификат, окуу, Гонконг, ЖРТ
Тема боюнча
ЖРТ боюнча эң жогорку баллды ким алганы белгилүү болду. Сүрөт