Путин россиялык вакцинаны Кыргызстанда да өндүрүү каралып жатканын айтты

© Sputnik / Сергей Ильин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
"Спутник V" дарысын өндүрүү Беларусь менен Казакстанда жолго коюлду. Путин Россия вакцина боюнча технологияны чет жакка берген жалгыз өлкө экенин айтты.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Коронавируска каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанда да өндүрүү жагы каралып жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБдин саммитинде айтты.
Ал Россия кыска убакыттын ичинде дарынын натыйжалуу жана коопсуз үч түрүн чыгара алганын, жакынкы мезгилдерде "Спутник Лайт" деп аталган төртүнчү вакцина чыгарыларын белгиледи.
"Спутник V" дарысын өндүрүү Беларусь менен Казакстанда жолго коюлду. Россия вакцина боюнча технологияны чет жакка берген жалгыз өлкө. Эми мындай өндүрүштөрдү Армения менен Кыргызстанда ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат", — деди Россиянын лидери.
Ошондой эле ал дары коопсуздугу жаатындагы кызматташууга да маани берүү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0