Сот залы. Архив

Пакистандык студенттердин сабалышы. Тараптар элдешип, кылмыш иши токтотулду

71
Жабырлануучу студенттер шектүү жарандарга доо коюудан баш тартып, тосмо арыз жазган.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Мындан тогуз ай мурда болгон окуя боюнча, тагыраагы, пакистандык студенттер тоодон сабалганда козголгон кылмыш иши кыскартылып, шектүүлөр эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Апрель телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов. Архив
© Фото / из личного архива Каната Каниметова
Аламүдүн райондук сотунун токтому 26-апрелде чыккан. Анда тараптардын элдешкени эске алынган. Жабырланган  пакистандык студенттер шектүүлөргө доо коюудан баш тартып, тосмо арыз беришкен.

Эске салсак, пакистандык студенттердин "Тюплые ключи" тоосунда ур-токмокко алынган окуясы өткөн жылдын июль айында болгон. Аталган факт Кылмыш жана жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Көп өтпөй милиция шектүү катары бир  адамды кармаган. Таяк жеген Аббас Али Шах ошол кезде күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Чет өлкөлүктөрдүн сабалышын кыргызстандыктар кескин сынга алган.

71
Белгилер:
элдешүү, сот, кармоо, студент, Пакистан
Тема боюнча
Лебединовкада кыз ала качууга шектелген жаран милицияга өзү келди
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков. Архив

Министр: Орто-Токой суу сактагычындагы суу бир айга гана жетет

42
(жаңыланган 00:11 18.06.2021)
Министр Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып, сууну эл өзү билемдикке салып колдонбошу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Эгер суунун чыгымы азыркыдай көп болсо, анда 15-20-июлда Орто-Токой суу сактагычында суу калбай калат. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.  

"Орто-Токой суу сактагычында 224 миң куб суу калганын айтып коюшум керек. Эгер биз аны азыркыдай иштетсек, 15-20-июлда ал жакта суу жок калат. Суу сактагыч беш дарыядан барган суу менен толот. Быйыл нормадан 50 пайызы гана келип жатат. Кырдаалдан чыгуунун бир эле жолу бар. Ал график боюнча кезектешип сугаруу жана скважинаны иштетүү", — деди министр.  

Аткаминер эл сууну өзү билемдикке салып бөлүштүрбөшү керектигин эскертип, суу  чарбасы бөлүштүргөн графиктин негизинде гана иш алып барууну  белгиледи.  

Чүй облусундагы суу тартыштыгы дыйкандарды убайымга салды. Алардын эгин талаалары куурап, бир жылдык түшүмдөн кол жууп калуу кооптуулугу бар. Бийлик өкүлдөрү тоолордо күн жылыбай, мөңгүлөрдүн эрибей жатканы көйгөйдүн бирден-бир себеби экенин айтууда.
© Sputnik / Акылбек Батырбеков , Эмиль Садыров
"Эгер суу бөлүштүрүү боюнча график сакталса, суу баарына жетет. Суу ресурстары боюнча агенттикте 4 600 адам иштейт. Көбүнүн айлыгы 4600-4800 сом. Ага карабай бул адамдар каналда күнү-түнү иштеп, аракет кылып жатышат", — деди Жаныбеков.  

Буга чейин Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев июлда сугат суусу азыркыдан да тартыш болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

42
Белгилер:
министр, бөлүштүрүү, айыл чарба, суу, Орто-Токой суу сактагычы
Тема боюнча
Сабиз менен картошканы сыртка сатууга тыюу салынат
Бийлик өкүлдөрү суу эмнеге кескин азайып кеткенин түшүндүрдү
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

49
(жаңыланган 22:56 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүнү" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

49
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу