Реабилитациялык борбордо сабалган бөбөк. Бийлик окуяны көзөмөлгө алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТерезени карап турган бала. Архив
Терезени карап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Ур-токмокко алынган бөбөктүн апасынын айтымында, алар уулун адистештирилген дарылоодон өткөрүү үчүн Ош облусунан Бишкекке убактылуу көчүп келишкен.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкекте "Аутизмди жеңебиз kg" коомдук фондундагы баланын сабалышы боюнча окуяны Кыргызстандагы балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин соцтармакта аталган мекеменин кызматкери ден соолугунан майыптыгы бар 6 жаштагы баланы сабаган видео тараган.
"Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Жыпариса Рысбекова баланын энеси Назгүл Асанова менен жолуккан. Асанова жана үй-бүлөсү болуп өткөн окуя жөнүндө айтып берген. Алар 6 жаштагы Иса Ражапалиевди адистештирилген дарылоодон өткөрүү үчүн Ош облусунан Бишкекке убактылуу көчүп келген", — деп айтылат маалыматта.
Кызы менен апасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Оштогу бала бакчада кыз сабалды деген маалымат боюнча териштирүү башталды
Баарлашуунун жүрүшүндө Рысбекова келечекте балдарга карата мындай зордук-зомбулук фактыларына көзөмөл күчөтүлөрүн белгилеген.
"Социалдык кызмат көрсөткөн бардык уюмдардын иш бөлмөлөрүнө видеокамера орнотуп, жумушка алууда кызматкерлерди кылдаттык менен тандап, аларга талапты күчөтүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды", — деп жазылат билдирмеде.
Жабыркаган баланын энеси Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз бергени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0