Бир тепсем жатып калган. Күйөөсүн таарынтып алган дзюдочу келиндин каты

© Фото / Pexels / Kampus ProductionКимоно кийген кыз. Иллюстративдик сүрөт
Кимоно кийген кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул жолу кыжырына тийген жолдошуна дзюдонун ыкмаларын колдоно коюп, учурда өзүнчө жашап жүргөн келиндин каты жарыяланды.
— Саламатсыздарбы! Башымдан өтүп, азыр жүрөгүмдү оорутуп турган окуяны айтып берсем, айрымдар күлүшөт. Башында өзүм деле бир нерсени кыйратып салгансып, ыраазы болуп жүргөм. Бирок акыркы кезде бушайман боло баштадым.
Окуучулук күндөрдөн тарта дзюдо менен машыктым. Мектептер аралык, райондук мелдештерге катышып жүрдүм. Университетте дагы ал өнөрүмдү таштабай, облустук, шаардык мелдештерге чейин жеттим.
Окуумду аяктап калганда Марат (аты өзгөртүлдү — ред.) деген жигит менен таанышып, экөөбүз жакын болуп кеттик. Ал спорттон алыс, IT-тармагында адис болгону менен менин спортко жакындыгымды аябай кубаттачу.
Ошентип жүрүп экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөрүбүздү түшүнүп, эки жыл мурда баш кошуп алганбыз. Башында баары жакшы болчу. Бардык эле жаш жубайлардай ысык, ынак болуп жүрдүк. Арадан 8-9 ай өткөн соң кээде ичип келип, кыялын көрсөтө баштады. Ошол убакка чейин боюма бүтө элек болчу. Боюмда болсун же болбосун деп жанталашкан жокпуз, буюрган күнү болот, шашпайбыз, үй-жайлуу бололу деген пландарыбыз бар болчу. Андыктан мен балалуу болбогонубуз үчүн кыжырланды деген вариантты дароо четке кактым.
Бала менен апасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Балдарымдын оорусуна чыдабай күйөөм таштап кетти. Күйүттүү эненин каты
Мамилеси эмнеге сууп кеткенин түшүнгөн жокмун. Кээде сопсоо туруп эле кылдан кыйкым издеп уруш чыгарат. Башында жакшы эле тилин тапканга аракет кылдым, бирок жаштык кылып көпкө чыдабай койдум окшойт. Ал бир сөз айтса, мен эки сөз менен жооп берип калдым. Бир күнү кызуу болуп келип мага кол көтөрдү, ошондо мен да өзүмөн чыгып кеттимби, айтор, дзюдонун ыкмаларын колдонуп эсин оодара чааптырмын.
Эртеси күнү күйөөм мени төркүнүмө жеткирип койду. Ата-энемдин үйүндө жүргөнүмө бир жылга чукулдап калды, күйөөм менен таптакыр сүйлөшө элекмин. Кайын журтум дагы кабар алып, экөөбүздү элдештирүүгө аракет кылган жок. Апам кез-кезде "жөн жашабайт белең сабап салбай" деп мени күнөөлөйт.
Өзүм баштапкы айларда "мага кол көтөрсө эмне кылышым керек эле, өзүмдү коргодум" деп сыймыктанып жүргөм. Бирок убакыт өткөн сайын күмөн санай баштадым. Ойлонуп, суроолорума жооп таба албайм. Досторунан сурасам "мен аны менен эч качан элдешпейм, мага кереги жок" деп айтыптыр. Эми эмне кылышым керек, кеңеш берип койгулачы.

Психолог Перизат Калмаматова:

Жубайлардын ортосунда бири-бирин түшүнбөстүк жана куру намыс чоң роль ойноп жатканы көрүнүп турат. Сырттан кырдаал өтө эле көбүртүлүп-жабыртылып көрүнүүдө. Анын үстүнө улуттук менталитетибиз, тарбиябыз озунуп кетип жатат. Бизде аялдын эркекке кол көтөргөнү өтө өөн нерсе эмеспи. Эмнегедир аял кордук көрсө, көпчүлүк учурда ыйлай-сыктай күйөөсүн кечирет. Үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн баарын унутуп, жашоо уланат. Ал эми эркек мындайга чыдабайт, анын жигиттик намысына доо кетип калат.
Албетте, мен аял кишини туура кылды деп айтпайм, бирок жектебейм дагы. Ал ошол мүнөттөрдө өзүн коргоптур. Анын үстүнө спортчу, атайын даярдыктан өткөн адам болгондон кийин билип-билбей эле коркунуч жаралган учурда же шок абалында спорттук ыкмаларды колдонушу кадыресе нерсе. Жолдошу билимдүү жигит болсо, өзү деле мындан кабардар болсо керек.
Письмо к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жолдошумдун мыңкылдаган көржемелиги жанга батты. Келиндин каты
Жубайынын спортко кызыгуусун кубаттачу экен. Демек, экөөнүн ортосунда бири-бирин түшүнүү, колдоо сезимдери болгон. Бул жакшы нерсе. Негизи үй-бүлөлүк турмуштун алгачкы айлары же жылдары оңой эмес. Жаңы турмушка, шартка, кайын журтка көнүү процесси айрымдар үчүн абдан татаал өтөт. Жубайлар ошол учурдагы тоскоолдуктарга туруштук бере албай калганы көрүнүп турат.
Менин жеке пикиримде, эки жаш бетме-бет отуруп сүйлөшүп көрүүсү керек. Ар ким өзүнүн дооматын, таарынычын ачык айтып, талкуулашы зарыл. Антпесе экөө эки жакта кыйналып жүрө берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0