Жараксыз болуп калган "Спутник V" вакцинасы боюнча окуя. Эки жетекчи иштен кетти

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүСпутник V вакцинасынын ампуласы
Спутник V вакцинасынын ампуласы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Буга чейин шаардагы №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда муздаткыч өчүп калып 994 доза вакцина жараксыз болуп калган. Анын чыгымы 840 миң сом болгон.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Муздаткыч өчкөндүктөн жараксыз болуп калган вакцинадан улам №2 үй-бүлөлүк медицина борбору менен Ленин районуна караштуу №1 үй-бүлөлүк бириктирилген медицина борборунун жетекчилери кызматтан алынды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Буга чейин шаардагы №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда муздаткыч өчүп калып 994 доза вакцина жараксыз болуп калганы айтылган. Анын чыгымы 840 миң сом болгон. Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова окуя 30-апрель күнү болгонун айтып, жарабай калган препараттарды эсептен чыгаруу туура келгенин билдирген.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Путин россиялык вакцинаны Кыргызстанда да өндүрүү каралып жатканын айтты
Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы ал мезгилде үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилигин жазалап, сөгүш берген.
Министрдин айтымында, №1 жана №2 үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери вакцина маселесинен улам эми кызматтан кетти.
Бейшеналиев №1 үй-бүлөлүк бириктирилген медицина борборунун жетекчиси Ленин районундагы эмдөөгө жооптуу болгондуктан иштен алынганын белгиледи.
Эске салсак, "Спутник V" вакцинасынын алгачкы 20 миң дозасы Кыргызстанга 22-апрелде алып келинген. Жалпысынан Кыргызстан Россиядан препараттын миллион дозасын алуусу күтүлүүдө. Анын ичинде 500 миңи гуманитардык жардам түрүндө келет. 
Жаңылыктар түрмөгү
0