Оорукананы айланып жүрүп эле көз жумганын интернеттен билдик. Каныбек Исаковдун бүлөсү

© Фото / из семейного архива ИсаковыхМурунку билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Архив
Мурунку билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Мурунку билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун илимге, билим берүү тармагына сиңирген эмгеги зор экендиги коомчулукка белгилүү.
Көп жылдар бою Ош мамлекеттик университетинде иштеп, аталган окуу жайды алдыңкы билим уясына айланткан Каныбек Исаковду эскерүү иретинде Sputnik Кыргызстан агенттиги агайдын жубайы Нуриля Абдрахманова жана кызы Айдай Исакованы чакырып, маек курган.
— Алгач Каныбек агайдын балалык кези тууралуу сүйлөшөлүчү. Классташ турбайсыздарбы?
Нуриля Абдрахманова (жубайы): — Балалыгы Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында өткөн. Өзү ошол айылдагы орто мектепте билим алган. Экөөбүз классташпыз. Мектепте 5-6-класстан эле балалык мүнөзүбүз өзгөрүп, сезимдер ойгонгон эле. Кичинесинен эле мүнөзү түнт болгону менен эске тутуусу жакшы болчу. Ал 8-9-класстан баштап эле ыр жазып, ырлары "Кыргызстан пионери" гезитине чыга баштаган. Бара-бара кара сөз менен дил баяндарды жакшы жаза баштады. Мектепте жакшы окучу, уюштуруучулук жөндөмү да укмуш болчу. Каныбектин даярдоосу менен кандай конкурс, сынак болбосун мыкты байгелерди алып, алдыңкы орундарга жетишер элек. Классташтары да Каныбектин сөзүн угушчу.
Каныбек уялчаак, түнт бала болгону менен мектепте активдүү окуучулардын катарында төбөсү көрүнүп турар эле. Ошондуктан сүйүүсүн деле жар салып айткан жок, бирок башкалардан өзгөчөлөнүп мени дайыма сыйлап турчу. Ошонусу менен сезимин билдирген.
© Фото / из семейного архива ИсаковыхНуриля Абдрахманова: Каныбек уялчаак, түнт бала болгону менен мектепте активдүү окуучулардын катарында төбөсү көрүнүп турар эле
Экс-министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нуриля Абдрахманова: Каныбек уялчаак, түнт бала болгону менен мектепте активдүү окуучулардын катарында төбөсү көрүнүп турар эле
— Мугалимдик кесипти кандайча тандап калды экен?
Н.А.: — Каныбек алгач журналист болууну самады. Бишкекке Айтмамат деген классташыбыз менен келип, окууга өтпөй калган. Эгер өткөндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев менен чогуу окуп калмак. Бир жыл айылда мал чарбачылыгы комплексинде иштеп, кийинки жылы ОшМУга кыргыз филологиясы факультетине тапшырды. Андан жогорку балл алганы менен фамилиясы эмнегедир буйрукка кирбей калат. Келип атасына болгонун айтса, ал киши Ошко келип университеттин жетекчилигине жолуккан. Университет алгач Каныбекти студент эмес, окууга талапкер катары сынамакка алган. Ошентип алты ай талапкер катары окуп, андан кийин гана студент болду. Окууну кызыл диплом менен аяктаган соң окуу жайга мугалим катары алып калышкан. Бул киши өзү оргуштаган ойлорго бай, көкүрөгү идеяларга толо, дайыма алдыга умтулуп турган адам эле. Ойлорун ишке ашыруу үчүн өзү да тынч отурбай, башкаларга да тынчтык берчү эмес. Мындай адамдар ийгиликтин артынан ийгиликке жетише берет экен. Бирок ал өз керт башын эмес, башкаларды көбүрөөк ойлочу. Мисалы, жыл сайын 31-августта мамлекет тарабынан ар кандай сыйлыктар берилип турат эмеспи. Бир ирет Каныбектин өзүнө "Билим берүүнүн отличнигин" беребиз деп калышты. Ал ОшМУга Даңк орденин берүү демилгеси менен өз сыйлыгынан баш тарткан. Окуу жай сыйлык алганына абдан кубанган эле.
— Ош мамлекеттик университети менен агайды бөлүп кароого болбойт. Аталган окуу жайды алдыңкы университетке айлантуу үчүн абдан көп эмгектенген дешет. Ошол тууралуу айтып берсеңиз. Негизи эркектин сыртта ийгилик жаратышына аялдын үйдөгү эмгеги чоң деп коюшат эмеспи...
Н.А.: — Алгач окуу жайда тарбия иштери боюнча декандын орун басары, декан, анан тарбия иштери боюнча проректор болуп улам-улам жогорулап отурду. Кийин ректор болуп сегиз жыл иштеди. Бул киши бир иштин артынан түшсө өтө майын чыгара берилип эмгектенчү. "Элге эмгек кылсам экен" деп далалаттанчу. Азыр ойлосом көп иш жасаганга жетишип калсам дегендей шашып эле жүрүптүр. Аябай көп жазчу. Балдарым кичине кезде үйдө тынч иштөөгө шарт түзүп бергенге аракет кылар элем. Ош педагогикалык институтуна жетекчи болуп барганда кант диабетине чалдыгып, бир чети иштин көбүнөн 40 килограмм салмагын жоготуп келген. Өзү да муну айтып күлүп калчу. Каныбек алгач барганда аталган окуу жайдын эмгек жамааты ыркырашкан, өтө начар акыбалда экен. Бирок институттун ишин бир топ алдыга жылдырып, мугалимдердин айлыгын көтөрүп, эң негизгиси коллективди ынтымакка келтирип койгон. Жаңы идеяларды таап, изденип, заман менен жарышып иштээр эле.
© Фото / из семейного архива ИсаковыхНуриля Абдрахманова: университет алгач Каныбекти студент эмес, окууга талапкер катары сынамакка алган
Экс-министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нуриля Абдрахманова: университет алгач Каныбекти студент эмес, окууга талапкер катары сынамакка алган
— Агай жубай, ата катары кандай эле?
Н.А.: — Каныбек аябай жөнөкөй, айкөл, берешен болчу. Мен жолдошумдан сабырдуулукту үйрөндүм. Башкаларга сүрдүү көрүнгөнү менен үйдө биз менен тамашалашып, биз билбеген нерселерди айтып берчү. Балдарга көбүнчө китеп белек кылчу. Кайсы бир маселе болуп калса, "баланча китептин ушул жерин оку" деп балдарды көбүнчө китеп менен тарбиялады. Анан улуу-кичүүгө карабай баарына сылык кайрылчу. Камкор ата болду. Балдарын адамгерчиликтүү, карапайым болууга тарбиялады. Азыр балдарыбыз атасын тартып өтө жөнөкөй.
— Айдай, анда атаңыз берешендигинен улам Нуриля эжеден көп нааразычылык укса керек?
Төкмө-акын Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райкул Деркембаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Эстебес Турсуналиевдин байбичеси Рая апа: бир эле арманым бар...
Айдай Исакова (кызы): — Жок, апам да өтө берешен. Чынында үйдө бир нерсе ашып калса эле "тигиге берели, буга берели" деп турушчу. Атамдын бизге үйрөткөнү кечиримдүүлүк болду. "Сенден кетпесе да кечирим сурап кой, дайым бийик бол" деп көп айтчу. Айрым адамдар өзгөрүп турушат. Иште ар кандай болот экен, үйүңө келип чайыңды ичкен адамдар эле кырдаалга жараша өзгөрүп кеткен учурлар кездешет. Мындай адамдан атам өзү кечирим сурап койчу, бирок мындай айкөлдүк менде жок. Башка адамдардан да көрө албадым. Атам көп нерсени жөн гана түшүнүү менен кабыл алчу. Биз бир иш жасаарда атам менен кеңешип, анан макул десе гана баштачубуз. Мен ал кишини тирүү энциклопедия деп койчумун. Математика, биология, экономикабы, кайсы илим болбосун, түшүнбөгөн маселе болуп калса телефон чалсам, жөн эле жалпак тил менен эле түшүндүрүп койчу. Атам кандай деңгээлдеги адам болбосун сүйлөшүп кете берчү. Чет элдик адамдардын тилин билбесе деле "адамда дил тили бар, дилиң туура келсе сүйлөшүп кете бересиң" деп кыйналчу эмес. Мен билгенден атам бардык эле мамлекеттерде болду. Ал киши патриот катары кыргыз тилинде эле сүйлөп, чет мамлекеттен кирешелүү келишимдерди түзүп келчү. Бул да болсо ал кишинин пейилинен, айкөлдүгүнөн болсо керек.
© Фото / из семейного архива ИсаковыхНуриля Абдрахманова: мен жолдошумдан сабырдуулукту үйрөндүм
Экс-министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нуриля Абдрахманова: мен жолдошумдан сабырдуулукту үйрөндүм
— Төрт бир тууган турбайсыздарбы. Тарбия кандай болду?
А.И.: — Ооба, мен үйдүн улуусумун. Биз бактылуу болсок керек. Анткени мыкты адамдардын балдарыбыз. Атам бир да жолу кол көтөргөн жок. Жадагалса үнүн көтөрүп катуу сүйлөчү эмес, окууда же иште бир маселе жаралып калса сөздү алыстан баштап, отуруп алып акырын сүйлөчү. Биз аябай эркин өстүк. "Жашоо сеники. Турмушуңа өзүң жоопкерсиң, аны кандай сызсаң ал ошондой кетет" деп айтчу. Ар бирибизди ар башкача эркелетчү. Ар кимибизге жекече мамиле жасачу. Мен көп жерден атамдын кызы экенимди айтуудан уялчумун. Анткени атамдын кызы болууга татыктуу болдумбу деп ойлончумун. Атам кээде жашырганыма таарынып калчу, бирок мен ата-энеме сөз тийгизип аламбы деп коркчумун...
— Каныбек Исаковдун борборго министр болуп келгенин айрымдар туура көрүшкөн жок. "ОшМУда эле иштей берсе болмок, жамаат менен ынтымакташып, абдан жакшы иштеп жаткан. Билим берүү тармагын өзгөртүүгө бир аз убакыт жетпей калды" дешет. Сиздер муну кандай кабыл алдыңыздар?
А.И.: — Атам мамлекеттик кызматкер болгондуктан мамлекет кайсы жерге жиберсе баш тарта албайт эле. Бирок буга чейин деле көп кызматка сунуштар айтылып келген.
Н.А.: — Ооба. "Ошко батпай калдың, сенин деңгээлиң башка. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң кызматка барсаң жакшы болмок" деп көп окумуштуу, аткаминерлер кызмат сунуштап жүрүштү. Бул жолкусунда "баарынан эле баш тарта берсем болбойт, акыры барат окшойм" деп жыйынтык чыгарган. Бирок мен Ошто эле иштей берсе дедим эле. Эми министрликтин жумушу оор, борборго кантип көнөр экен деп сарсанаа болуп, аягам.
© Фото / из семейного архива ИсаковыхНуриля Абдрахманова: Каныбек өмүрүнүн аягына чейин эле өзүн билим берүүгө арнады
Экс-министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нуриля Абдрахманова: Каныбек өмүрүнүн аягына чейин эле өзүн билим берүүгө арнады
— Жумуштагы айрым маселелерди сиз менен бөлүшчү беле? Министрликтеги кайсы жагдайларга сүйүнүп же ичи чыкпай жүрдү?
Н.А.: — Каныбек педагог болгондуктан ар бир адамды, студенттерди билимдүү болсо деп тилек кылчу. Өмүрүнүн аягына чейин эле өзүн билим берүүгө арнады. Алгач министрликке барганда системаны түшүнүп, өздөштүрүүгө кыйла убакыт кетти. Анан сырттагы тармакты түшүнбөгөн адамдар тиешеси бар же жогуна карабай эле башка көйгөйлөр менен кыйла убактысын алды. Анткени министрге өйдө жактан да көрсөтмөлөр болот экен. Кийин иштин көзүн таап алган соң аларга тең ата боло иштеп кеткен.
Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Төлөгөн Касымбековду коркутуп, КГБны аңдыткан. Салижан Жигитовдун кызынын маеги
Каныбек жаңы кызматка барганда дайыма түйшүккө, кыйын кезеңге туш болуп калчу. Пандемия башталып калганда "балдарды кандайча билимден өксүк кылбай окутабыз" деп ойлонуп жүрүп анан санариптик онлайн окутуу жолун таап, телевидениелер менен байланышты. Ал киши планды алгач бышырып алып туруп анан кадам таштап, ишти бат-бат бүтүрчү. Мугалимдерге күнүнө 500 сомдон төлөп, айдоочусу педагогдорду телевидениеге ташып, тарттырып, анан үйлөрүнө жеткирип турду. Анткени шаарда өтүү кагазы (пропуск) Каныбекте эле бар болчу. Ошентип ага бир-эки ай кетти. Ал өзүм билемдик менен иш кылчу эмес, мында да ата-энелердин ою менен эсептешти. Негизинен балдарды телефон менен камсыздоо иши да ойлондурду. Кыскасы, бир топ кыйынчылыктар менен система жөнгө салынды. Андан кийин абитуриенттерди кабыл алуу ишинде да бир кыйналды. Агайыңар министр болуп турганда министрликтин иши бир топ алдыга жылгандыгын сыймыктануу менен айта алам. Аз иштеп калды. Онлайн окутуу системасын Россия, Казакстан, Өзбекстандан биринчи Кыргызстан ишке ашырды. Кийин ушул мамлекеттердин билим берүү жана илим министрлеринин онлайн тегерек столу болуп, алар Кыргызстандын системасын Каныбектен сураштырышты.
© Фото / из семейного архива ИсаковыхАйдай Исакова: атам кандай деңгээлдеги адам болбосун сүйлөшүп кете берчү
Экс-министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айдай Исакова: атам кандай деңгээлдеги адам болбосун сүйлөшүп кете берчү
— Агайдын кызматтан кетиши кандайча болуп калды же өз каалоосу менен кеттиби?
Н.А.: — Биринчи эле себеби бийлик алмашып калганында. Алгач Сооронбай Жээнбеков кеткенде министрлер чакырылып, бардыгы ордунда калары айтылыптыр. Кийин резиденцияга чакырылып, кызматтан кеткенин угушат. Көбүнүн ордуна башкалар дайындалган экен. Болбосо 6-октябрда мектептерди ачууга кам уруп жаткан. Билим берүү аксап калбашы үчүн балдар убагында билим уясынан сабак алса деп кабатырланып жүрдү. Ал эми 1-класстарды "мектепте окушу керек, антпесе болбойт" деп Саламаттык сактоо министрлиги менен да байланышта болду. Министрликтен кеткен соң көп эле жерге иштөөгө сунуштар болуп жатты. Бирок "бир аз эс алсам" деген тейде ден соолугун карап, китеп жазууну пландаган. Министрликтен түшкөндө кыздары "ата, кайгырбаңыз" дешсе, "мен кызматка кайгырбайм, бирок билим берүү тармагы бир аз үзгүлтүккө учурап, көп иштер аягына чыкпай калды. Менин эл алдында жүзүм жарык" деген эле. Кызматтан кеткен соң министрликке барып эмгек жамаатка жыйналыш өткөрүп, жасалбай калган иштер тууралуу да сүйлөшүп келди. Акыркы кезде өзү тууралуу "Менин басып өткөн жолум" деген аталыштагы китеп жазууга киришкен болчу...
— Агайдын тарбиялаган шакирттери да көп болсо керек...
Н.А.: — Бул киши күчтүүлөрдү талпынтып, алсыздарга дем-күч берип, шыктандырар эле. Кыргызстандын бардык булуң-бурчундагы балдарды тегерегине жыйнап, булактын көзүн ачкандай таптап, шакирт кылып ээрчитип жүрдү.
А.И.: — Шакирттери менен азыр да катышып турабыз. Бизге караганда шакирттерине көбүрөөк көңүл бургандай сезилет. Аларды да үй-бүлөбүзгө жакын кылып, эркелетип тарбиялады. Алар деле бизди бир тууганындай көрсө керек. Жоготуу бизден болгондон кийин дайыма чалып, ал-акыбалыбызды сурап турушат. Негизи кээ бир адамдардын көзү өткөндөн кийин "эч нерсе айтпай кетти" дешет го. Атам, тескерисинче, баарына жол көрсөтүп, муну мындай кыласыңар, аны тигиндей деп жазып да берип кетиптир.
© Фото / из семейного архива ИсаковыхНуриля Абдрахманова: азыр балдарыбыз атасын тартып өтө жөнөкөй
Экс-министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нуриля Абдрахманова: азыр балдарыбыз атасын тартып өтө жөнөкөй
Учурда атамдын окуучулары менен биргеликте китебин чыгарууга даярдык көрүп жатабыз. Мындан тышкары, студенттерге жана жаш мугалимдерге финансылык колдоо көрсөтүү иретинде коомдук фондун негиздөө менен алекпиз. Атам бизге үлгүлүү мектеп, мугалим кандай болушу керек деген түшүнүктөрдү калтырып кеткен. Биздин максатыбыз — ошол иштерди улантуу. Көбү билбесе керек, атам абдан чыгармачыл адам болчу. Ыр жазып, редактор, продюсер да болуп иштеген.
Менин бир өкүнгөнүм, атамдын классташтары 50 жылдыгын өткөрүп жатканда балдары атама чакан чыгармачылык кече өткөрөлү дегенбиз. Баары даяр болуп калганда "эл кыйналып турса өткөргөнүм туура болбой калат" деп каршы болуп койгон. Азыр ошол кечени өткөрүп койсок, атама да белек болуп, китеби чыгып, өзү да кубанып калмак экен дейм. Беш томдук китебин шакирттери менен биргеликте июнда чыгаралы деп аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары, окуу жайда музей ачуу демилгесин да көтөрүшүүдө.
— Агайдын биз билбеген кандай таланттары бар эле?
Н.А.: — Доклад окуйбу же башка сөз сүйлөйбү, айтор, Каныбектин үнү адамдарды өзүнө тартып алар эле. Абдан коңур болчу. Ал сүйлөгөндө отургандар муюп угуп калчу. Үйдө болсо бугун чыгарып ырдап да койчу. Бирок көпчүлүктүн алдына ырдап чыкпайт эле. Анан ыр окуганды, көрүнүктүү адамдардын өмүр таржымалын окуганды жакшы көрчү.
© Фото / из семейного архива ИсаковыхАйдай Исакова: акыркы кезде атам өзү тууралуу "Менин басып өткөн жолум" деген аталыштагы китеп жазууга киришкен болчу...
Экс-министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айдай Исакова: акыркы кезде атам өзү тууралуу "Менин басып өткөн жолум" деген аталыштагы китеп жазууга киришкен болчу...
— Балдарынан илимге, билим берүү тармагына кызыккандары барбы?
А.И.: — Балдарынын ичинен билим берүү жаатында иштеген мен элемин. Мен деле мугалим болбойм деп юридикалык билим алгам. Кийин атам илимий иштерин жактаса эле кызыгып, мен дагы жогорку окуу жайында сабак берип калдым. Тагдыр ушул экен, азыр юрист да, мугалим да болуп жүрөм. Билим берүү системасын түбүнөн билбесем да, бул тармактан түшүнүгүм бар. Юридикалык академияда сегиз жылдан бери сабак берем. Анан менден кийинки сиңдим жазууга абдан шыктуу, үч тилде ыр, чыгарма жазат.
— Атам өлсө да атамды көргөн өлбөсүн дейт го. Бүгүнкү күндө тели-теңтуштары менен байланыш кандай?
Режиссёр-сценарист Маяк Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жолон Мамытовдун уулу Маяк: атамдын тарбиясынан улам пара алган эмесмин
А.И.: — Атамдын достору аябай көп. Өзүнөн улуулар менен да, кичүүлөр менен да достук мамиледе жүрчү. Анан үйгө конок тосконду аябай жакшы көрчү. Үйгө өзү кеч келе турган болсо деле конокторду чакырып койчу. Абдан меймандос, бирөөнү куттуктап, белек бергенге жакын эле. Керектүү нерселериңди өзү эле сурап, белек кылып койчу. Азыр классташтары, курсташтары чалып, апама дем берип, бизди колдоп жатышат.
— Агай качан, кандайча ооруп калды? Коронавирусту иштеп жүрүп эле жугузуп алдыбы?
А.И.: — Пандемия башталганда үйдөгүлөр жакшы эле эреже сактап, коргонгонбуз. Атам өзү билгендей эле ооруп калбасам экен деп коркуп жаткан. Айылда 90 жаштан ашкан чоң атабыз бар. Ноябрдын башында атам жумуштары менен туулуп-өскөн айылына барганда үйгө бир топ кишилер келген экен. Вирусту ошол жактан жугузуп алган окшойт. Айылдан эмнегедир энергиясы ашып-ташып, аябай шыктанып, жакшы маанайда келди. Андан кийин эле бир аз жөтөл пайда болду, бирок температурасы деле жок болчу. Ошентсе да рентгенге түшүрсөк дарыгерлер “баары жакшы, грипптен эле болушу мүмкүн” деп койгон. Сатурациясын да текшерип турдук. Ал ортодо Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын врачтары келип, сасык тумоого каршы тамчылатма дары куюп кетишкен. Анан эле температура боло баштаганда томографияга түшүп коронавирус экени билинди. Ошентип 11-ноябрда дарыгерлердин айтуусу менен жугуштуу оорулар ооруканасына жатып, 12-ноябрда каза болуп калып жатпайбы. Ооруканада бир эле күн түнөдү.
© Фото / Facebook / Каныбек ИсаковАйдай Исакова: көбү билбесе керек, атам абдан чыгармачыл адам болчу. Ыр жазып, редактор, продюсер да болуп иштеген
Ректор ОшГУ Каныбек Исаков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айдай Исакова: көбү билбесе керек, атам абдан чыгармачыл адам болчу. Ыр жазып, редактор, продюсер да болуп иштеген
Биз да түшүнбөй калдык. Атам буюмдарын өзү чогултуп, ооруканага басып кирген. 12-ноябрда саат 10:00гө чейин телефондон сүйлөшүп жаткан, андан кийин эле жооп бербей калды. Баарыбыз оорукананы тегеректеп туруп эле каза болгонун интернеттен окудук. Алгач ишене алган жокмун. Көрсө чын экен...
Ага чейин баары жакшыдай эле сезилген. Иним, апам да атам менен телефондон сүйлөшкөн. Атам каза болгондон кийин апам да катуу ооруп, ооруканага жатты. Кудай бизге боор ооруду окшойт, апам 14 күндөн кийин жакшы болуп, ооруканадан чыгып келди.
Жаңылыктар түрмөгү
0