Депутат: Run Silk Road марафонун уюштургандар Кыргызстандын картасын бурмалашты

© Sputnik / Табылды КадырбековRun the Silk road эл аралык марафонунун катышуучусу
Run the Silk road эл аралык марафонунун катышуучусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Эл өкүлү улуттук кызыкчылыкка каршы келген логотипти иштеп чыгып, атайын колдонуп келишкенин айтууда.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Кыргызстандагы "Эл аралык марафон дирекциясын", "Кока-Кола" компаниясынын КРдеги өкүлчүлүгүн, сайтын иштеп чыккандарды жана "Run Silk Road" логотибин иштеп чыккан дизайнерлерди Кыргызстандын картасын бурмалады деп айыптады.
Пирматов ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы. Ал жогоруда аталган тараптар улуттук кызыкчылыкка каршы келген жалган маалыматтарды билсе да атайын логотипти иштеп чыгып, колдонуп келишкенин айтууда.
"Кыргызстанда жайгашкан анклавдарды өлкө аймагынан сырткары, анклав болбогондой көрсөтүшкөн. Бул жаңылыштык же байкоосуздан кеткен катачылыкка окшобойт, тескерисинче, диверсиялык, саботаждык мүнөзгө ээ. Бул чындыкты атайлап бурмалоо, көпчүлүккө жалган маалыматты визуалдык түрдө жайылтуу", — деп жазган Пирматов Facebook баракчасына.
Депутаттын билдирүүсүн азыркы тапта 300 адам бөлүштү.
Ошондой эле ал бул логотип афишаларда, сайтта жана социалдык тармактарда постер катары, "bon aqua" суусунун бөтөлкөсүнүн этикеткасында ("Кока-Кола Бишкек Боттлерс" компаниясы чыгарат), стенд жана желек түрүндө 2017-жылдан бери эле уланып келе жатканын айтат.
Лейлек районунун Арка айылындагы талкаланган май куюучу жай жана соода түйүндөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Кыргыз-тажик чек арасында чырды ким баштаганын космостон тартылган сүрөт көрсөтөт
"Буга жооптуу адамдарды жоопко тартууну жана ушул сүрөт түшүрүлгөн бардык нерселерди жок кылууну талап кылууну талап кылам. Зарыл болсо көпчүлүк колдонгон товарларга, ММКларга маалымат жайгаштыруу жана башка тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөгө даярмын. Бул маселени комитеттин жакынкы жыйынынын күн тартибине киргиздим", — деди Пирматов.
Ал эми марафондун уюштуруучулары кырдаал боюнча кийинчерээк комментарий бере турганын билдирди.
Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафону 15-майда Ысык-Көлдө өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0