Марипов Кадамжайдагы базарга барып, бааларды билди. Сүрөт

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кадамжайда
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кадамжайда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Марипов базарга келген тургундар менен сүйлөшүп, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын сураштырган.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бүгүн импорттун көлөмүн өзгөртүп, өзүбүздү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздашыбыз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кадамжайда эл менен жолукканда айткан.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБүгүн импорттун көлөмүн өзгөртүп, өзүбүздү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздашыбыз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кадамжайда эл менен жолукканда айткан
Рабочая поездка председателя кабинета министров КР в Баткенскую и Ошскую области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бүгүн импорттун көлөмүн өзгөртүп, өзүбүздү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздашыбыз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кадамжайда эл менен жолукканда айткан
"Министрлер кабинети өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоодо. Бүгүнкү күндө көптөгөн товарлар импорттолууда, бирок аны өзгөртүүнү пландаштырып жатабыз. Биз өзүбүздү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздоо керек", — деген ал.
Марипов базарга келген тургундар менен сүйлөшүп, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын сураштырган. Андан соң дыйкандар менен пикир алышкан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кадамжай шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Кадамжайга барган Марипов дыйкандарга суунун кандай жетип жатканына кызыкты. Сүрөт
Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы Гулматов атындагы № 9 орто мектепте жүрүп жаткан ондоо иштери менен таанышты. 2018-жылы аталган объектиде иштер башталып, акчанын өз мөөнөтүндө бөлүнбөй, анын кесепетинен иш бүтпөй калган.
Маалымат кызматы Марипов социалдык объектилердин курулушунун ыкчам жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө басым жасагандыгын билдирди.
Маалымат үчүн айтсак, Кызыл-Кыя шаарындагы Гулматов атындагы №9 орто мектепти оңдоонун жалпы сметалык наркы 31,7 млн. сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 13 миллион сом сарпталган. Оңдоо иштери үч кабаттуу типтүү имараттын бир кабатында гана аяктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0