Вакцина жарактан чыккан дарыгерлер борборуна жаңы жетекчи дайындалды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
30-апрелде муздаткыч иштебей калып Бишкектин Ленин районунун тургундарына бөлүнгөн 994 доза "Спутник V" вакцинасы жарактан чыккан.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук Үй-бүлөлүк бириккен дарыгерлер борборуна Алтынкыз Аралбаева директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Аралбаева буга чейин Чүйдүн Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасында иштеген. Дарыгерлер борборун жетектеген Нурлан Галбаев "Спутник V" вакцинасы жарактан чыккан окуядан улам кызматынан бошотулган.
Спутник V вакцинасынын ампуласы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жараксыз болуп калган "Спутник V" вакцинасы боюнча окуя. Эки жетекчи иштен кетти
30-апрелде баш калаадагы №2 дарыгерлер борборунда муздаткыч өчүрүлгөндүктөн улам 994 доза "Спутник V" вакцинасы жарактан чыккан. Чыгым 840 миң сомду түзгөн. Мындан улам Галбаев жана №2 дарыгерлер борборунун директору жумушунан алынган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Галбаев бүтүндөй Ленин районундагы эмдөө иштерине жооптуу болгону үчүн ээлеген кызматынан бошотулганын билдирген.
"Спутник V" препаратынын алгачкы 20 миң дозасы Кыргызстанга 22-апрелде алып келинген. Вакцина президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган иш сапарынын алкагындагы макулдашууга ылайык берилген.
Жалпысынан Кыргызстан бир миллион доза дары алышы керек. Анын 500 миңи гуманитардык жардам болуп саналат. Кыргызстандын элин коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Жалпысынан 57 миңден ашык жаран дары сайдырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0