Баткен элине жардам катары чогулган акчанын суммасы 95,7 млн. сомго жетти

© AFP / DANIL USMANOVТажикстан менен чектеш аймактардан эвакуацияланган кыргызстандык жарандар. Архив
Тажикстан менен чектеш аймактардан эвакуацияланган кыргызстандык жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Куралдуу кол салуудан жабыр тарткан элге жардам көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү атайын эсеп ачкан.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга Тажикстан тараптан жасалган аскердик агрессиядан жабыркагандар үчүн ачылган эсепке түшкөн каражаттын суммасы 95 миллион 786 миң сомго жетти. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Бийлик талашып кан төккөн тажиктерди эпке келтирген кыргыздар. Тарыхый видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Бийлик талашып кан төккөн тажиктерди эпке келтирген кыргыздар. Тарыхый видео
Аталган сумма 21-майга карата чогулган акча экени айтылды.
Мурдараак облус жетекчилиги 18-майга чейин 82,6 миллион сом чогулганын кабарлаган болчу.
Мындай жардамды ири өндүрүш ишканалар, курулуш компаниялар, коомдук уюмдар, чет өлкөдөгү мекендештер жана Кыргызстандын бардык аймактарындагы тургундар жөнөтүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0