Эвересттеги биринчи кыргыз. Эдуард Кубатов эң бийик чокуну багындырды

© Фото / предоставлено Эдуардом КубатовымКыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов. Архив
Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Жазылуу
Кубатов катышкан экспедициянын жетекчиси топ чокуга чыгып, азыр ылдый түшө баштаганын айтты.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандык Эдуард Кубатов Эвересттин чокусуна чыкканын экспедициянын башчысы, альпинист Александр Абрамов билдирди.
"Эверест 1" командасы чокуга чыкты. Эми ылдый түшүп жатабыз. Аба ырайы жакшы эле. Шамал болуп жатат, бирок өтө деле күчтүү эмес. Бул жерде рекордду израилдик аял менен кыргызстандык киши коюшу мүмкүн", — деген Абрамов социалдык тармактагы баракчасында.
Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган. Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Eduard Kubatov (@eduard_kubatov)

Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп чокуга 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.
Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет.
Мекендешибиз Эверестке сапар алганда Sputnik менен маектешкен болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0