Депутаттар иш учурунда кыз-келинге асылгандарга чара көрчү мыйзам сунуштады

© AFP / MANDEL NGANОфисный работник в Вашингтоне
Офисный работник в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Бул документ кызматкердин жеке кол тийбестик укугун, ошондой эле сексуалдык асылуудан коргоо максатында иштелип чыкканы белгиленет.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жумуш учурунда сексуалдык асылууга тыюу салуу жана ага жоопкерчилик киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары: Айнуру Алтыбаева, Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова, Евгения Строкова, Наталия Никитенко, Бурун Аманова жана Махабат Мавлянова.
Бул мыйзам долбоору кызматкердин жеке кол тийбестик укугун, ошондой эле сексуалдык асылуудан коргоо максатында иштелип чыкканы белгиленет.
© Фото / Пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева - Sputnik Кыргызстан
1/7
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Гүлшат Асылбаева
Депутат Гүлшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан
2/7
Депутат Гүлшат Асылбаева
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Айнура Осмонова
Депутат Айнура Осмонова - Sputnik Кыргызстан
3/7
Депутат Айнура Осмонова
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6 созыва Евгения Строкова от партии СДПК. Архивное фото
Депутат Евгения Строкова - Sputnik Кыргызстан
4/7
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша от фракции "Ата Мекен" Наталья Никитенко. Архивное фото
Депутат Наталья Никитенко - Sputnik Кыргызстан
5/7
© Фото / пресс-служба партии "Биримдик"Депутат Бурун Аманова
Депутат Бурун Аманова - Sputnik Кыргызстан
6/7
Депутат Бурун Аманова
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Махабат Мавлянова
Депутат Махабат Мавлянова - Sputnik Кыргызстан
7/7
Депутат Махабат Мавлянова
1/7
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева
2/7
Депутат Гүлшат Асылбаева
3/7
Депутат Айнура Осмонова
4/7
5/7
6/7
Депутат Бурун Аманова
7/7
Депутат Махабат Мавлянова
Маалыматтык негиздемеде "Кыргыз сот аялдары" ассоциациясы Бишкек, Кара-Балта, Ош жана Токмокто ар түрдүү кызматтагы жана ЖОЖдордогу 877 кыз-келин арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзгөнү жазылган.
Көпчүлүгү көйгөй бар экендигин моюнга алып иштеген аялдардын 23 пайызы, студенттердин 21,9 пайызы сексуалдык асылууга дуушар болгонун айтышкан. Аны менен бирге асылуулардын 80 пайызы мамлекеттик мекемелерде болорун көрсөткөн. Буга 20 жаштан 38 жашка чейинки күйөөсү жок, катардагы кызматты ээлеген аялдар кабылган.
"Изилдөөнүн авторлору кызматтык даражасы төмөн аялдар сексуалдык асылууга көбүрөөк кабылышканын айтат. Аларга орто жана жогорку звенодогу эркек жетекчилер ыдык көрсөтөт. Натыйжада мындай көйгөйдү жоюп, күнөөлүүнү жоопко тартуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү, ошондой эле жумуш ордунда көрүлө турган түрдүү превентивдүү чараларды колдонуу сунушталды", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам долбоору төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:
  • эмгек укуктук мамилелер чөйрөсүндө кысымга жана асылууга тыюу салуу;
  • кызматкерге асылууда келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу укугун камсыз кылуу;
  • иш берүүчүнүн милдеттерине этикалык эрежелерди жана уюштуруу маданиятынын ченемдерин бекемдөөгө багытталаган актыларды кабыл алуу боюнча милдеттерди киргизүү;
  • иш берүүчүнүн милдеттерине кызматкерлерге асылууну жокко чыгаруучу шарттарды түзүү боюнча талап коюу;
  • кызматкерлерге асылуудан коргоо укуктарын берүү;
  • кызматкердин жеке кол тийбестик укугун жана асылуудан коргоо боюнча мамлекеттик ченемдик талаптарды иштеп чыгуу;
  • кызматкерге асылуу учурларын териштирүү жана эсепке алуу;
  • асылуудан улам кызматкерге келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти иш берүүчүгө жүктөө;
  • мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар жана сот тарабынан кызматкерди сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдөн коргоо боюнча укуктук ыкмаларды киргизүү.
Азыркы мыйзамдарда асылуу болгон учурда кызматкердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк берүүчү нормалар жок экени белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0