Апрель телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов. Архив

Журналист Канат Каниметов тергөөчүнү сотто утту

182
(жаңыланган 23:22 24.05.2021)
Журналист тергөөчүнүн сурактагы маалыматтарды ачыкка чыгарбоого кол койдуруп алганына нааразы болгон.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Сот "Апрель" телеканалынын кабарчысы Канат Каниметовго Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсүнө каршы жазган арызын канааттандырды.

Буга чейинки журналистке Жоруктар кодексинин 119-беренесинин ("Майда бейбаштык") негизинде иш ачылганы маалымдалган.

Соттун чечимине ылайык, 12-майда Каниметов социалдык тармакта президент тууралуу жазган билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суракка алынган. Журналист тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине, тагыраагы, укук коргоо органынын кызматкерлери маалыматты ачыкка чыгарбоого кол койдуруп алганына нааразы болгон. Каниметов маалыматты жайылтуу анын конституциялык укугу экендигин белгилеген.

Соттун чечиминде жактоочу Нурбек Сыдыковго таянуу менен тергөөчү мындай кол койдуруунун себебин түшүндүрө албай койгону айтылат. Каниметов документте тергөөчүгө даттанарын билдирген.

Аламүдүн райондук сотунун судьясы арызды канааттандырып, сурак берген адам эң жогорку баалуулуктар —  жарандын укугу жана эркиндиги экендигин билиши керектигин белгилеген.

182
Белгилер:
тергөөчү, кылмыш иши, сот, журналист, Канат Каниметов
Тема боюнча
Аялына мыйзамсыз жер берген. Бишкекте мурдагы архитектор шектелүүдө

"Россия сегодня" 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Видео

3
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги бүгүн 80 жылдыгын белгилеп жатат. Эл аралык алдыңкы медиагруппанын тарыхы 80 жыл мурда, Совинформбюро түзүлгөндө башталган.

Ондогон жылдардан берки убакыт аралыгында агенттиктин аталышы "Новости", РИА "Новости", "Россия сегодня" болуп өзгөрдү. Бирок журналистиканын жогорку деңгээли менен ишке болгон жоопкерчилик ошол бойдон калды.

"Россия сегодня" 200 шаарда иш алып барып, 32 тилде, күнү-түнү Россияда жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар менен кабардар кылат.

3
Белгилер:
маалымат агенттиги, "Россия Сегодня" ЭМА
Тема боюнча
"Өздүгүн жашырууга аракет кылган". Facebook кимдин цензурасынан өтөт?
Өсүмдүк майы. Архив

Россия 365 тонна суу майды Кыргызстанга гумжардам катары берди

14
(жаңыланган 15:54 24.06.2021)
Россия БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк соода программасынын ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылда дээрлик 1 миллион кыргызстандыкка колдоо көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек менен Ошко Россия гумжардам катары берген 365 тонна суу май жеткирилди. Азыктын бул түрү 27 миң аз камсыз үй-бүлөгө берилет.

Россия Кыргызстанга Дүйнөлүк соода программасынын алкагында байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Мисалы, жазында витаминдүү ун жеткирилсе, эми суу май берилди. Гумжардамды тапшыруу иш-чарасына РФнын Кыргызстандагы элчилиги менен БУУнун Дүйнөлүк соода программасынын өкүлдөрү жана КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери катышты.

"365 тонна суу майдын 60 тоннасы Бишкектеги кампага киргизилсе, калганы Ошко жөнөтүлдү", — деди Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин тышкы саясат тобунун жетекчиси Артем Романов.

 Бишкекке Казакстан гумжардам катары жөнөткөн 4500 тонна ун жеткирилди
© Фото / пресс-служба посольства РК в Кыргызстане
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Соцкамсыздоо департаментинин директору Актан Балбаков өкмөттүн атынан Россияга ыраазычылык билдирди.

БУУнун Дүйнөлүк соода программасынын маалыматына караганда, аз камсыз үй-бүлөлөр ар кандай долбоорлорго катышуу менен (каналдарды оңдоо жана калыбына келтирүү, бак тигүү ж.б.) ун жана суу май ала алышат.

Россия БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк соода программасынын ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылда дээрлик 1 миллион кыргызстандыкка колдоо көрсөтүлгөн. Жардам мектеп окуучуларына, фермерлер, айылдык аялдар жана аз камсыз үй-бүлөлөргө берилген.

14
Белгилер:
Ош, Бишкек, май, суу, ун, программа, БУУ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекке "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинди