Кыргызстандын чек ара кызматынын аскери. Архив

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу жапты

508
(жаңыланган 23:21 24.05.2021)
Тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө жана КРди транзиттик өлкө катары пайдалануусуна чектөөлөр коюлган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

Мындай чечимди министрлер кабинети 21-май күнү кабыл алган.

Тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө жана КРди транзиттик өлкө катары пайдалануусуна чектөөлөр коюлган. Ошондой эле "Кулунду", "Кайрагач”, "Кызыл-Бел”, "Бордобо” жана "Карамык” өткөрүү пункттары аркылуу коңшу өлкөгө жүк ташууга чектөөлөр каралган.

Чектөөлөрдүн айрым учурларга гана тиешеси жок:

  • эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
  • Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары (тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашуудан кийин).

Ошол эле учурда Тажикстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандары, ошондой эле Кыргызстанда жүргөн тажик жарандары мекенине өтүп кете алат.

508
Белгилер:
чектөө, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (299)
Тема боюнча
Путин Жапаров менен жолугуп, кыргыз-тажик чек ара маселесин сүйлөштү. Видео
Баткенде жабыркагандардын 70%ынын документи калыбына келтирилди
Аттестаты особого образца Алтын тамга для выпускникам школ. 25 июня 2021 года

Бишкектик 99 бүтүрүүчү жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестатын алды. Сүрөт

3
(жаңыланган 15:08 25.06.2021)
Мектепти жакшы баа менен аяктагандарды шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектеги билим берүү мекемелерин аяктаган 99 балага жаңы үлгүдөгү "Алтын тамга" аттестаты тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Салтанаттуу иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Мектепти жакшы баа менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов куттуктап, документ менен кошо акылдуу саат тапшырды. Ал эми бүтүрүүчүлөр шаар башчысына өз колдору менен жасаган белекти беришкен. Анда шаардын символу болгон илбирстин сүрөтү кийизге түшүрүлгөн.

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

3
Белгилер:
"Алтын тамга" аттестаты, тапшыруу, аттестат, бүтүрүүчү, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Министрлик жогорку окуу жайга тапшыруунун босого баллын белгиледи
ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме
QazVac вакцинасы. Архивдик сүрөт

Элчи менен сүйлөшкөнбүз. Министр Бейшеналиев QazVac вакцинасы тууралуу

11
(жаңыланган 15:08 25.06.2021)
Буга чейин Бейшеналиев өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Көп өтпөй коңшу өлкөнүн өкмөтү бул маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасы боюнча боюнча түшүндүрмө берди.

"Биз Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөшкөнүбүздө вакцина берилет деп айткан", — деди министр.

Эске салсак, Бейшеналиев өтүп бара жаткан жуманын ичинде өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Болгондо дагы жума же ишемби күнү вакцинанын 50 миң дозасы гумжардам катары келерин баса белгилеген.

Көп өтпөй коңшу өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул маалыматты төгүндөгөн. Алар Казакстан жакынкы айларда эч бир өлкөгө коронавируска каршы QazVac вакцинасын бербей турганын, бул тууралуу сөз дагы болбогонун билдиришкен.

11
Белгилер:
вакцина, Казакстан, коронавирус, Алымкадыр Бейшеналиев
Тема боюнча
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес
Акылбек Жапаров: өлкөдө элдин 0,7%ы гана вакцина алды, бул — биздин трагедия