Ат-Башы: 20 жылдыктар айылына комбайн алып берди. Ача-кайыңдылыктардын ак жарыгы

© Фото / Атайбек АсаналиевНарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы мектепти 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга 600 миң сомго комбайн алып беришти
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы мектепти 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга 600 миң сомго комбайн алып беришти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Жылына 25-майда республикада окуу жылы аяктап, акыркы коңгуроо аземи өткөрүлөт. Акыркы убакта мектепти мындан 10-20 жыл мурун бүткөн окуучулар айылдаштарынын айрым көйгөйлөрүн чечип беришүүдө.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы мектепти 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга 600 миң сомго комбайн алып беришти. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине мектепти 20 жыл мурун бүтүп кеткендердин бири Атабек Асаналиев тастыктады.
© Фото / Атайбек АсаналиевНарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы мектепти 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга 600 миң сомго комбайн алып беришти
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы мектепти 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга 600 миң сомго комбайн алып беришти - Sputnik Кыргызстан
1/3
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы мектепти 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга 600 миң сомго комбайн алып беришти
© Фото / Атайбек АсаналиевБуга чейин айылдыктар комбайн жок эгинин чаба албай бир топ кыйналып келген
Буга чейин айылдыктар комбайн жок эгинин чаба албай бир топ кыйналып келген - Sputnik Кыргызстан
2/3
Буга чейин айылдыктар комбайн жок эгинин чаба албай бир топ кыйналып келген
© Фото / Атайбек АсаналиевЭми айылдыктар майын куюп, комбайнчынын жарым акысын төлөп, эгинин кезек менен чаптыра беришет.
Эми айылдыктар майын куюп, комбайнчынын жарым акысын төлөп, эгинин кезек менен чаптыра беришет. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Эми айылдыктар майын куюп, комбайнчынын жарым акысын төлөп, эгинин кезек менен чаптыра беришет.
1/3
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы мектепти 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр айылга 600 миң сомго комбайн алып беришти
2/3
Буга чейин айылдыктар комбайн жок эгинин чаба албай бир топ кыйналып келген
3/3
Эми айылдыктар майын куюп, комбайнчынын жарым акысын төлөп, эгинин кезек менен чаптыра беришет.
Анын айтымында, буга чейин айылдыктар комбайн жок эгинин чаба албай бир топ кыйналып келген.
"Ача-Кайыңды айылындагы мектепти мындан 20 жыл мурун аяктаган 1984-жылкы балдар чогулуп, айылга 600 миң сомго комбайн алып бердик. Жалпысынан 2001-жылы окууну үч класс аяктаганбыз. Азыр балдар биригип алган комбайныбызды айыл өкмөткө өткөрүп бердик. Эми айылдыктар майын куюп, комбайнчынын жарым акысын төлөп, эгинин кезек менен чаптыра беришет. Буга чейин башка айылдардын эгини чабылып бүткөндөн кийин анан ача-кайыңдылыктарга комбайн жетчү. Ага чейин бышкан эгинди мал тебелеп, айылдаштарыбыз бир топ азап тартып келишкен", — деди Атайбек.
Эске салсак, бүгүн, 25-майда, 2020-2021-окуу жылынын аяктаганына байланыштуу акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтүүдө. Мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0