Жүрүп бараткан жолтандабастын номери кантип өзгөрүп кетти. Бишкектеги видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо бараткан унаалар. Архив
Жолдо бараткан унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Видеодон автоунаанын арт жагына тагылган LEV 888 номери алмашып, 888 ABN деп өзгөрүп кеткенин көрүүгө болот.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек шаарынын көчөсүндө жүрүп бара жаткан Toyota Land Cruiser жолтандабасына тагылган номердин өзгөрүп кеткендигин көрүүгө болот.
Бул видеону "Короче" Telegram-каналы жарыялады.
Видеодон автоунаанын арт жагына тагылган LEV 888 номери алмашып, 888 ABN деп өзгөрүп кеткенин көрүүгө болот.
Бул жер болжол менен Абдрахманов көчөсү менен Жибек жолу көчөлөрүнүн аймагы экени айтылууда.
Кайгуул милициянын маалымат кызматы бул автоунаанын изделип жаткандыгын, толук маалыматты кийинчерээк берерин айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0