Коронавирус 8 адамдын өмүрүн алып, 207 кишиге жукту. Соңку маалымат

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Ооруну жеңе албай калган сегиз кишинин төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө жана бирөө Таласта дарыланып жаткан.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Соңку суткада коронавирус 207 кишиден аныкталып, сегиз адам көз жумуп, 332 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ооругандар:
  • Бишкек — 102;
  • Ош шаары — 8;
  • Чүй — 40;
  • Ош — 8;
  • Талас — 3;
  • Нарын — 8;
  • Ысык-Көл — 24;
  • Жалал-Абад — 11;
  • Баткен — 3.
Оору пандемиядан бери 103 207 кишиден аныкталды.
Тилекке каршы, сегиз киши көз жумду. Анын төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө жана бирөө Таласта дарыланып жаткан. Коронавирус ушуну менен 1 773 адамдын өмүрүн алды.
Айыккандар:
  • Бишкек — 230;
  • Ош шаары — 11;
  • Чүй облусу — 51;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас — 2;
  • Нарын — 10;
  • Ысык-Көл — 25;
  • Баткен — 1.
Жалпы сакайгандардын саны 96 765 болду.
Учурда стационарда 1 596 бейтап дарыланып жатат. Амбулатордук дарыланууда 2 045 киши бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0