Мамкызматкерлер бут тосуп. Муфтийди шайлоо дагы өтпөй калышы ыктымал болууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТеспе кармаган адам. Архив
Теспе кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Устав боюнча, алгач Кыргызстан мусулмандары курултайга чогулуп, муфтий болууга көрсөтүлгөн талапкерлердин бирин шайлайт.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Абдиманап Масалиев кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо мамлекеттик кызматкерлердин кийлигишүүсүнөн улам өтпөй калганын билдирди.
Ал түзүлгөн жагдайдан улам президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдогон.
"25-май күнкү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо конкурсубуз айрым мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнүн түздөн-түз кийлигишүүсү менен өтпөй калды. Талапкерлер жети дубандан келишкен эле. Сынактар токтотулгандыктан айрым талапкерлер ушуну менен экинчи ирет убара болушту. Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер болгон 47 кишинин колу коюлган кайрылуусун жана өтүнүчтөрүн мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине көрсөткөнүбүзгө карабастан конкурс белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мындай абалда Кыргызстан мусулмандарынын 29-майдагы кезектеги Курултайын да өткөрө албай калуу ыктымалдыгы пайда болду. Мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү эпидкырдаалды жүйө келтиришүүдө", — деп жазылган кайрылууда.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жапаров Максат ажынын ордун бирөөгө убадалаганбы. Президенттик аппарат жооп берди
Ошондой эле ал учурда муфтияттын жетекчилик курамы жана финансылык жагы кризистик абалда турганын белгилеген. КМДБнын 208 кызматкери төрт айдан бери айлыксыз иштеп жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн тандап, андан соң курултайдын негизинде муфтийди шайлоо күнү 5-апрелге белгиленген. Бирок андан да айрым адамдардын диний кастыкты жана регионалдык чагымчылдыкты козутуу максатында кысым жасоосу, комиссия төрагасын телефон аркылуу опузалоосу комиссиянын толук кандуу иш алып баруусуна жолтоо болгону айтылып, 29-майга жылдырылган.
Бүгүнкү күндө муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазыев аткарып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0