Шектүү көз жумганына байланыштуу Айзаданын өлүмү боюнча иш токтотулду

© © SputnikАйзада Канатбекованын зыйнаты. Архив
Айзада Канатбекованын зыйнаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Адвокат буга чейин уурдоого шектелгендер боюнча сот жараяны 27-майга белгиленгенин билдирген. Кыздын өлүмү боюнча иш Теңизбаевдин өз жанын кыйганына байланыштуу токтотулган.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Шектүү көз жумганына байланыштуу 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевге адам уурдоо, киши өлтүрүү, зордуктоо боюнча сыртынан айып тагылганы маалымдалган.
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Милиция Айзада Канатбекова өлтүрүлгөнгө чейин зордукталганын тастыктады
Канатбекованын үй-бүлөсүнүн адвокаты Нурбек Токтакунов сот 27-май саат 9:00гө белгиленгенин билдирди. Анын айтымында, ал күнү уурдоого шектелип кармалгандардын соту болот. Токтакунов ошондой эле адам өлтүрүү боюнча иш токтотулганын кошумчалаган.
Мындан тышкары, УКМК тарабынан айрым милиция кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 331-беренеси ("Шалаакылык") боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Айзаданын өлүмү

5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 07:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
ИИМ: митингчилерди милиция кызматкерлери кууган эмес
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.
Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.
Айзаданын жакындарынын адвокаты соттук-медициналык экспертизада ал киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын айтып чыккан. Муну милиция дагы тастыктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0