Кишилер акча берип жатышат. Архив

Комиссия муфтиятта зыяратчылардын 157 млн. сому жоголгонун аныктады

2346
(жаңыланган 14:27 26.05.2021)
Зыяратчылар доллар менен берген акчасын сомго айлантып депозитке салып, 33 миллион сом пайда көрүшкөн. Бирок кайра долларга конвертацияга кылганда 775 миң долларга артка кетишкен.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши муфтияттагы каржылык махинацияны текшерген комиссиянын корутундусун жарыялады.

Ага ылайык, учурда зыяратчылардын берген акчасына жалпысынан 1 894 115 доллар жетпей жатат. Муну улуттук валюта менен эсептегенде 157 миллион сомдун тегереги болот.

"2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9 586 кыргызстандык катталган. Анын ичинен 5 519 адам 3 350 доллардан, 4 172 адам 500 доллардан (анын ичинен 105 киши базага катталган эмес) берген. Мунун суммасы 20 миллион 574,6 миң долларды түзөт", — деп жазылган маалыматта.

Былтыр пандемияга байланыштуу кыргызстандыктар ажылык сапарга барбай калган. Алар төлөгөн каражат муфтиятта сакталып турган.

Бул учурда диний мекеме каржылык жардам деген жүйө менен бир канча адамга карыз берип турган.

Алар төмөнкүлөр:

  • 2020-жылдын 18-августунда "Налоговый Представитель" ишканасына каржылык жардам катары 2 миллион долларды 77,5 курсу менен конвертациялап 155 миллион сом берген. Келишим боюнча каражат 31-декабрга чейин кайтарылмак, ал 2021-жылдын 21-январында кутулган. Бирок кайтарган учурда доллардын курсу 84,5 сомго чыгып кеткен, мындан улам конвертациялаганда 1 834 319 доллар болуп калган. Мындай курстук айырмадан муфтият 165 681 доллар зыян тарткан.
  • "Фарватер" ишканасы 2017-жылдын январынан баштап 115 453 200 сомдук каржылык жардам алып, өткөн жылдын 21-декабрына чейин баарынан кутулган.
  • Жантаев Б. Т. аттуу жеке ишкерге 2019-жылдын 24-декабрында 700 миң доллар каржылык жардам көрсөтүлгөн. Ал быйыл 21-апрелге чейин 553 884 миң долларын кайтарган. Калган карызын бере элек.
  • Жалалидин Акыбаев аттуу жаран 2019-жылы 27-декабрда 200 миң доллар алып, кайра бир айдан кийин кайтарган.
  • Мындан сырткары, 300 миң сомго чейинки суммада дагы үч адамга акча берилген.

Ал эми 2019-жылы январда муфтияттын наамына "РСК банктан" депозиттик эсеп ачылып, 2020-жылдын 29-майына чейин 894,6 миллион сом (жети жолу) салынган. Бирок муфтият келишимде көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн мурда үч жолу депозитти токтоткон, бул учурда банк түшчү пайданы, тагыраак айтканда, 10,1 миллион сом берген эмес. Аны менен катар депозиттеги акчаны чыгарып, кайра долларга айлантканда курстан айырма болуп баштапкы суммасына 775 465 доллар жетпей калган.

Бирок бул депозитке салынган акчадан 33 миллион сом пайда көрүп, ал акчаны банктан чыгарып кетишкен. Бүгүнкү күндө муфтияттын депозитинин пайызынан түшчү эсепте 92 миң сом гана турат. Комиссия калган сумма дагы муфтиятка кайтарылышы керек деп эсептейт.

Каржылык махинацияны текшерген комиссияга муфтиятта иштеген 10 адам мүчө болуп кирген. Анын корутундусуна муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кол койгон.

Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин башкы эсепчиси Жеңиш Бекиевди кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалып, сот сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үйүнө чыгарган. Кийинчерээк эсепчиси да үй камагына чыгарылган.

2346
Белгилер:
муфтият, каржылык, зыяратчы, аныктоо, текшерүү, банк, депозит
Тема:
Муфтияттагы чуулуу иш (19)
Тема боюнча
Жапаров Максат ажынын ордун бирөөгө убадалаганбы. Президенттик аппарат жооп берди
Шайлоодо бир партияга 155 млн. жумшалган. Жапаров Максат ажынын кармалышы тууралуу
Улакчы, балчы жана чуулуу окуялары. Максат ажы Токтомушев тууралуу 9 факты
Арашан айылындагы парламенттик шайлоодо жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо участкасында иштеп жаткан учуру

Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси

39
(жаңыланган 13:41 01.12.2021)
Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер эсептелип, протоколдор БШКга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40,10 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 446 907 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.

Азырынча төмөнкү партиялар беш пайыздык босого чектен өттү:

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

39
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, пайыз, добуш, саноо, кол
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
Адис жаңылган. БШК сайттагы добуштарды ким көбөйтүп салганын айтты
Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы
Шайлоонун партиялар боюнча алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо
Адамдар пляжга барышат. Архив

Глобалдуу жылуулуктан кийин адамдын келбети да, мээси да өзгөрөт. Иликтөө

19
(жаңыланган 12:46 01.12.2021)
Адистер климаттын өзгөрүшү адамдын сырткы көрүнүшүнө таасир этип, андан сырткары, ден соолугуна да өзүнүн "салымын" кошорун айтты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жер планетасындагы глобалдуу жылуулуктан улам адамдын сырткы көрүнүшү кантип өзгөрө тургандыгын илимпоздор изилдеп чыкканын "Газета" кабарлады.

Илимий эмгектин авторлорунун белгилегенине караганда, эволюция теориясы боюнча жаратылыш шарттары алмашканда түрлөр, жандыктар да өзгөрөт. Бир катар окумуштуулардын айтымында, мындай нерседен адамдар да куру калбайт.

"Климаттын жылып башташы жаныбарлардын кебетесин өзгөртөт" деп аталган эмгектин автору, биолог Сара Райдинг климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук жан-жаныбарлардын көнүшүп кетишинин темпин тездеткен деп эсептейт.

Ыңгайлашкан башка жан-жаныбарлар — европалык чычкандар менен келемиштин бир түрүнүн буттары узарып, денесинин башка түрлөрү да мурдагыдан чоңойгон.

Ал эми адамдарга келе турган болсок, өзгөрүлгөн жылуулуктун айынан меланинди көбүрөөк бөлүп чыгары айтылды. Бул пигменттин териге, чачка жана көзгө өзүнүн таасирин тийгизет. Ал көбүрөөк болсо, теринин өңү кара тору тартып, көз менен чач да карарат.

Климаттын алмашуусу менен адам баласы өзү да, мээсинин көлөмү да өзгөрөрү айтылууда. Изилдөөлөр адамдын орточо көлөмү менен мээси ар дайым өзгөрүп турарын, тагыраагы, суук чоңойтуп, ал эми ысык, тескерисинче, кичирейтерин көрсөткөн.

Илимпоздор глобалдуу жылуулуктун башталып келе жаткандыгынын айынан адамдын мээси менен денеси кайрадан кичирейиши мүмкүн дейт. Кембридждегилер адамдын эс тутуму, сүйлөөсү, бир нерсени тез үйрөнүп кетиши жана мээдеги кан айлануунун жайлай турганын айтышты.

19
Белгилер:
глобалдык жылуулук, илимпоз, изилдөө, адам, келбет
Тема боюнча
Ааламда ири жаратылыш кырсыктары эмнеге болуп жатканын окумуштуулар түшүндүрдү
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат