"Бишкек башкы архитектурага" жетекчинин милдетин аткаруучу дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши колунда портфель менен. Архив
Киши колунда портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Буга чейин "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасын жетектеген Марат Жороев кызматынан алынганы айтылган.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Максат Молдомырзаев "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин милдетин аткармай болду. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Молдомырзаев буга чейин ошол эле жерде бөлүм башчы болуп иштеп келген. Анын кесиптеши Данияр Бапышов орун басары болуп бекитилди.
Мамлекеттик курулуш ишканасы жана "Бишкек башкы архитектура" бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Аялына мыйзамсыз жер берген. Бишкекте мурдагы архитектор шектелүүдө
Буга чейин "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасын жетектеген Марат Жороев менен анын орун басары Анна Тренинанын кызматынан алынганы айтылган.
Марат Жороев бул кызматты ушул жылдын январь айынан тарта аркалаган. Ага чейин жетекчинин орун басары болуп иштеп келген.
Эске салсак, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасын Жороевге чейин жетектеген Асхат Тулебердиевге кылмыш иши козголгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0