КР эл артисти Келдибек Ниязов. Архив

Келдибек Ниязов: той-аш боюнча мыйзамды кыргыз түшүнгүдөй кылып жазгыла

129
(жаңыланган 14:06 27.05.2021)
Маданият өкүлү кыргыздын каадасы, аны менен катар шаан-шөкөтү көп экенин белгилеп, алардын баарын азайтуу үчүн эрежелер жана айып пулдун көлөмү мыйзамда так көрсөтүлүшү керектигин айтты.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Той-аш өткөрүүнү тартипке сала турчу мыйзамды кыргыз түшүнгүдөй, майда-чүйдөсүнөн бери белгилеп жазгыла. Бул тууралуу КР эл артисти Келдибек Ниязов билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда "ЖК той менен тажиянын шартын катаалдатууну көздөөдө. Коом даярбы?" аттуу тегерек стол өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда той, маараке, куран окутуу сыяктуу иш-чараларды тартипке келтирип, айрым чектөөлөрдү киргизүү пландалып жатат. Жогорку Кеңештин сайтына "Үлпөт той, маараке салтанаттарын, сөөк көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Эл артисти кыргыздын каадасы, аны менен катар шаан-шөкөтү көп экенин белгилеп, алардын баарын азайтуу үчүн эрежелер мыйзамда так көрсөтүлүшү керектигин айтты.

"Азыр баары тойкана, кафеде өтүп калды. Сөөктү коюп келгенден кийин куран окутуу кафеде өтөт дагы, ошол эле тойканада кечинде той болот. Мурда кызга сөйкө салуу үчүн жеңеси, күйөө жолдошу менен эле келсе, азыр сөйкө салуу дагы тойканада өтүп калды. Үлпөт тойду дагы кафеде беришет. Ал бүткөндөн кийин кудалар эшик төрүн көргөзөт, тойду андан ары кайра эле тойканадан улантышат. Ушунун баары ачык жазылса. Бешик той, үй той, сүннөт той дегендер үйдө эле өтсө. Казакстанда бул жаатта мыйзам иштейт экен. Мисалы, Алматыда кафеде бир столдо 12 киши отурса табак келет, үстүндө бир эле устукан. Бизде болсо ар бир кишиге бирден устукан деп эсептелип мал союлат. Ошондуктан айып пулду көбөйтүү керек. Аны да мыйзамга так жазбаса шаан-шөкөт улана берет", — деди Ниязов.

Келдибек Ниязов элди тартипке салуу керектигин жана бул мыйзамды кош колдоп колдой турганын кошумчалады.

129
Белгилер:
мыйзам, тыюу салуу, той, маалымат жыйын, Келдибек Ниязов
Тема боюнча
Өлгөнгө чоң мал союп, тойго 200 киши чакырууга тыюу салынабы? Мыйзам долбоору
Бишкекте оңдоп-түзөөдөн кийин төрт көчөнүн ачылышы

Бишкектин төрт көчөсү 1-июлда автоунаалар үчүн ачылат. Тизме

0
(жаңыланган 12:10 24.06.2021)
Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан баатырга чейинки бөлүгүнүн оңдолушу жана Аламүдүн дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрө калаанын түштүк бөлүгүндөгү кичи райондордун жол тыгынын азайтат.

БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Бишкектин төрт көчөсү оңдолуп бүтүп, 1-июлда тарнспорт үчүн ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

  • Четыре улицы после ремонта, планируемые открыть для проезда автомашин в Бишкеке. 24 июня 2021 года
    Бишкектин төрт көчөсү оңдолуп бүтүп, 1-июлда тарнспорт үчүн ачылат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Четыре улицы после ремонта, планируемые открыть для проезда автомашин в Бишкеке. 24 июня 2021 года
    Мэриядан билдиришкендей, шаардын 35 көчөсүндө реконструкция иштери уланып жатат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Четыре улицы после ремонта, планируемые открыть для проезда автомашин в Бишкеке. 24 июня 2021 года
    Маалыматта Жукеев-Пудовкин көчөсү Советтер Союзунан бери оңдолбогону белгиленди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектин төрт көчөсү оңдолуп бүтүп, 1-июлда тарнспорт үчүн ачылат

Автоунаа үчүн ачыла турган көчөлөрдүн тизмеси:

  • Огонбаев көчөсүнүн Ибраимовдон Осмонкулга чейинки бөлүгү;
  • Жунусалиев көчөсүнүн Абдрахмановдон Арча-Бешик конушундагы Масалиевге чейинки бөлүгү;
  • Айбийкеден Ак-Ордодогу темир жолго чейин;
  • Ак-Тилек көчөсүнөн Ак-Тилек конушундагы Дзержинскийге чейин.

Мэриядан билдиришкендей, шаардын 35 көчөсүндө реконструкция иштери уланып жатат. Анын ичинен төмөнкү көчөлөрдүн жолу 70 пайызга оңдолуп бүттү:

  • Сухэ-Батор;
  • Койбагаров;
  • Карасаев;
  • Көкчө-Тоо;
  • Ташкент;
  • Логвиненко;
  • Стадионная;
  • Фере;
  • Буденный.
"Арча-Бешиктеги Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортековдон Алыкуловго чейинки бөлүгү (2,8 чакырым) борбор калаанын түштүк-батыш тарабындагы жолдун "жүгүн" жеңилдетет. Ошондой эле Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан баатырга чейинки бөлүгүнүн оңдолушу жана Аламүдүн дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрө калаанын түштүк бөлүгүндөгү кичи райондордун жол тыгынын азайтат. Курулуш иштеринин арты менен унаа көп жүргөн Ахунбаев менен 7-Апрель көчөлөрү бошой түшөт", — дешти мэриядан.

Маалыматта Жукеев-Пудовкин көчөсү Советтер Союзунан бери оңдолбогону белгиленди.

0
Белгилер:
курулуш, тыгын, жол, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкекке жаңы алып келинген автобустар кайсы жактарга каттайт? Маршрут
Нью-Йорктун борборундагы бош көчөсү. Архив

COVID-19ду бир маалда көп адамга жуктурган кубулуш аныкталды

13
(жаңыланган 11:58 24.06.2021)
Окумуштуулар өсүмдүктөрдүн чаңчалары абадагы COVID-19ду кантип башка жактарга таратарын изилдеп чыккан.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Дарактардагы чаңчалар коронавирусту таратуучуларга кирерин Никосия университетинин окумуштуулары далилдеп чыкты. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

Адистер ар кыл бөлүкчөлөр COVID-19дун таратуучусу болорун аныктоого аракет кылып, бир нече изилдөөдөн кийин оорунун кескин жугушу менен абадагы чаңчалардын топтолушунун ортосундагы байланышты тапкан.

АКШдагы жаз күндөрү жел болгон учурда чаңчалардын бир минутанын ичинде 20 метрдей аралыктагы топтошкон адамдарды каптай алары белгиленген.

"Эксперименттин маанилүү милдеттеринин бири — турмуштагыдай, кадимки эл аралашып жүргөн шарттарда изилдөө жүргүзүү эле. Миңдеген адамдар жана чаңча дандардын бөлүкчөлөрү, жүздөгөн сабактар, мажүрүм талдан 65 кадам арыраактагы бир топ адамдардын тобу керек болду", — деп айтып берген окумуштуулардын бири.

Компьютердик модель чаңчалар коронавирусту өзү тараган аймактан да алыс алып кете турганын көрсөтүп берген.

Окумуштуулар аллергендердин картасын терең изилдеп, COVID-19 чындыгында эле чаңчалар арбын чыгып, көп учуп жүргөн аймактарда тез таралгандыгын аныктап чыгышкан.

Адистер мындай шартта стандарт катары талап кылынып жаткан эки метрлик аралыкты сактоо мааниге ээ болбой кала тургандыгын белгилешкен.

13
Белгилер:
окумуштуулар, эксперимент, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат
COVID: Республикалык штаб министрликке жаңы тапшырмаларды берди